AVN







КАРЫЛАРГА КАЙРЫМДУУЛУК

КАРЫЛАРГА КАЙРЫМДУУЛУК
 Oct 29, 2018  700

Филология факультетинин жамааты тарабынан уюштурулган “Карыларга кайрымдуулук” иш-чарасынын алкагында кыргыз тили кафедрасынын мүчөлөрү акча чогултуп, өздөрүнүн жардамын көрсөтүштү. Аталган кафедранын окутуучулары К.Кошойканов, Н.Жалилова, Н.Тажибаевалар шаардагы жалгыз бой кары энелерге – Ленин көчөсүндөгү 71-үйдө жашаган Мархабабхан Камбаровага, Ж.Бакиев көчөсүндөгү 1-үйдүн тургуну Лизахан Маразыковага, ушул эле көчөдөгү 78/8-үйдө турган Гульниса Мирзаяновага чогулган акчага азык-түлүктөрдү (макарон, күрүч, май, чай ж.б.) алып барып беришти. Жогоруда аты аталган карыялар кайрымдуулукту жылуу кабыл алышып, өздөрүнүн ыраазычылыгын билдиришип, батасын беришти.

         Мирзаянова Гульниса аттуу татар улутундагы аялдын балдары Россияга кеткен бойдон кайтып келбегендиктен, бүгүнкү күндө өзү жалгыз жашоосун өткөрүп жатат. Бизди жакшы кабыл алып: “Союз убагында карыларга көңүл бурулуп, ушинтип азык-түлүктөрдү берип турчу. Силер ошол жолду кайрадан улантып жатыпсыңар, ыракмат силерге”, – деген ыраазычылыгын билдирди.    

  • КАРЫЛАРГА КАЙРЫМДУУЛУК
  • КАРЫЛАРГА КАЙРЫМДУУЛУК
  • КАРЫЛАРГА КАЙРЫМДУУЛУК
  • КАРЫЛАРГА КАЙРЫМДУУЛУК
  • КАРЫЛАРГА КАЙРЫМДУУЛУК