AVN







“ЖЕТЕЛЕГЕН 95-ЖЫЛ ЖАРЫККА, ЖАША ЖАМУ ИЗ КАЛТЫРЫП ТАРЫХТА” Таш-Көмүр факультетинде

“ЖЕТЕЛЕГЕН 95-ЖЫЛ ЖАРЫККА, ЖАША ЖАМУ ИЗ КАЛТЫРЫП ТАРЫХТА” Таш-Көмүр факультетинде
 Oct 27, 2018  826

 

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Таш-Көмүр инженердик-педагогикалык факультетинде   «2018-жыл Региондорду өнүктүрүү жылынын» алкагында жана ЖАМУнун түптөлүшүнүн 95 жыл университет болуп түзүлгөнүнүн 25 жылдыгына карата профессордук-окутуучулар курамы жана кызматкерлер арасында өткөрүлүүчү “Жетелеген 95-жыл жарыкка, жаша ЖАМУ из калтырып тарыхта” аттуу жарыяланган сынактын алкагында иш чара уюштурду.

Аталган факультеттин иш чарасы жободогу бардык пункттардагы жанрларды толук камтыган. Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына карата жазуучунун “Саманчынын жолу” чыгармасынан Толгонай менен Жер эненин монологун жана Ж. Бөкөнбаевдин “Алтын кыз” драмасынан үзүндү коюшту. Көчмөндөр маданияты боюнча күү, элдик ырлар, элдик оюндар, көчмөндөр кийимдери боюнча сахналаштырылган көргөзмө болду

Куттуктоо сөзгө чыккан окуу жайдын социалдык иштер жана мамлекеттик тил боюнча проректору Айгул Доранова “Жалал-Абад мамлекеттик университети облуста кучагын кенен жайган жалгыз окуу жай болуп саналат. Ар аймакта коллдеждери жана факультеттери орун алып, жаш кадрларды даярдоодо. Бул иш чаранын максаты ЖАМУнун жалпы кызматкерлеринин ортосунда ынтымак чыңдалып, тажрыйба алмашуу” – дейт А. Доранова.

Сөзгө чыккан калыстар тобунун мүчөсү Рысбай Шаимкулов “Негизинен жобо боюнча берилген шарттардын бардыгын аткардыңыздар. Калыстар тобу ар бирибиз өз баабызды бердик, жыйынтыктаганда 262 баллга ээ болдуңуздар. Дагы өзгөчөлүгүңүздөрдү белгилей кетсем окутуучу эжекелерден түзүлүп коюлган кыргыз бийиңиздер биздин купулубузга толуп, жыйынтыктоочу гала концертке тандап алдык. Ошондой эле ыр жанры боюнча элдик жана заманбап эки ыр тандалды” – деди.

Калыстар тобунун мүчөлөрү:А.Д. Доранова – калыстар тобунун төрайымы, социалдык иштер жана мамлекеттик тил боюнча проректору;

К.Б. Калчекеев – мүчө, ЖАМУнун “мамлекеттик тил” бөлүмүнүн башчысы,

Р.А. Шаимкулов – мүчө, ЖАМУнун маданий-эстетикалык борборунун жетекчиси;

Ж. Масаитов – мүчө, ЖАМУнун маданий-эстетикалык борборунун жетектөөчү адиси;

Н.Г. Шамуратов – мүчө, ЖАМУнун маданий-эстетикалык борборунун адиси.

  • “ЖЕТЕЛЕГЕН 95-ЖЫЛ ЖАРЫККА, ЖАША ЖАМУ ИЗ КАЛТЫРЫП ТАРЫХТА” Таш-Көмүр факультетинде
  • “ЖЕТЕЛЕГЕН 95-ЖЫЛ ЖАРЫККА, ЖАША ЖАМУ ИЗ КАЛТЫРЫП ТАРЫХТА” Таш-Көмүр факультетинде
  • “ЖЕТЕЛЕГЕН 95-ЖЫЛ ЖАРЫККА, ЖАША ЖАМУ ИЗ КАЛТЫРЫП ТАРЫХТА” Таш-Көмүр факультетинде