AVN

ЖАМУда ПРОФИЛАКТОРИЯ САНАТОРИЯСЫ ӨЗ ИШИН БАШТАДЫ

 Oct 26, 2018  706

Өлкө башчысы тарабынан “Аймактарды өнүктүрүү жылы” деп жарыяланып, анын алкагында окуу жайда бир катар иштер аткарылууда. Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студенттери үчүн профилактория санаториясы ачылып, жаштар эс алууда. Үстүбүздөгү жыл Санаториянын ишин жандандыруу  демилгеси окуу жайдын ректору Кеңешбек Усенов тарабынан көтөрүлүп, ЖАМУнун кесиптик кошууну менен биргеликте турмушка ашырылганын айтат профилактория-санаториянын башчысы Жунусалы Макамбаев.

Профилактория санаториясы 2018-2019-окуу жылына карата жаңы сезонун  ачып, алгачкы эс алуучуларын кабыл алган жана 29-сентябрдан 9-октябрга чейин 50 студент эс алып кетти. “Студенттер окуу менен катар эс алып, ден соолугун чыңдоосуна  шарт түзүлдү. Күнүгө үч маал ысык тамак берилет жана дарыланып, ал жерде жашашат.  Имараттын ичи косметикалык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн. Эс алууну каалаган студенттер ЖАМУнун кесиптик кошуунунан жолдомо сатып алат. Ар бир балага күнүнө 190 сом бөлүнгөн жана 15 күн эс алууга болот” – деп кошумчалады профилактория-санаториянын башчысы.

Эскерте кетсек университеттин профилактория-санаториясы 2013-жылы ачылып, ошондон бери ишмердүүлүгүн жүргүзүп келе жатат.

  • ЖАМУда ПРОФИЛАКТОРИЯ САНАТОРИЯСЫ ӨЗ ИШИН БАШТАДЫ