AVN







“ЭНЕ ТИЛИМ -МЕНИН ДИЛИМ ”

“ЭНЕ ТИЛИМ -МЕНИН ДИЛИМ ”
 Oct 26, 2018  6533

Экономикалык-юридикалык факультетинин “Экономика жана бухгалтердик эсеп” кафедрасынын студенттери тарабынан даярдалган  “Эне тилим-менин дилим” аттуу иш-чара уюштурулуп өткөрүлдү. Анда студенттер кыргыз тилин  өркүндөтүүнүн жолдорун жана учурдагы абалы тууралуу өз ойлорун айтып, тилге арналган концерттик программа тартуулашкан.

Аталган кафедранын башчысы Эмил Төлөнов “Жаштар ата-бабабыздан мурас катары сакталып келген улуу эне тилибизди унутта калтырбай кийинки муунга таберик катары калтыруу ар бир жарандын милдети катары кабыл алганы кубандырат. Эне тилибизди эпосторубуз, ата-мекендик залкар  жазуучуларыбыздын чыгармалары аркылуу сактап кала алабыз. Андыктан бул иш чарада  Манастын үчилтигин Ч.Айтматовдун атагын алыска чыгарган улуу тил, биздин сүйүктүү тилибиз, дилибиз маанисиндеги макала жазышып, анын ичинен эң мыкты баяндамаларын окушту” – деди.

Ошондой эле, үч акындын айтышы, “Тамашоу”, “Манас ” эпосунан үзүндү, “Курманбек” эпосунан үзүндүнү жандуу үн менен аткарышса,ырларды көркөм окуп, К.Баялиновдун “Ажар” повестинен кыска спектакль коюшту жана “Кыргыз тилим”, “Туулган жер” ырлары ырдалып, кыргыз бийин тартуулашып, көрүүчүлөрдүн купулуна ээ болушканын айтат ал.

Белгилей кетсек ищ чарага ЖАМУнун улуттук тил боюнча бөлүмүнүн башчысы  фил.и.д., профессор К.Калчакеев, ЭЮФтин деканы э.и.д., профессор А.Аскарова, жана кафедра башчысы э.и.к., доцент Э.Төлөнов студенттердин аракеттерине оң баасын берип, ийгилик каалады.

  • “ЭНЕ ТИЛИМ -МЕНИН ДИЛИМ ”
  • “ЭНЕ ТИЛИМ -МЕНИН ДИЛИМ ”
  • “ЭНЕ ТИЛИМ -МЕНИН ДИЛИМ ”
  • “ЭНЕ ТИЛИМ -МЕНИН ДИЛИМ ”
  • “ЭНЕ ТИЛИМ -МЕНИН ДИЛИМ ”
  • “ЭНЕ ТИЛИМ -МЕНИН ДИЛИМ ”
  • “ЭНЕ ТИЛИМ -МЕНИН ДИЛИМ ”
  • “ЭНЕ ТИЛИМ -МЕНИН ДИЛИМ ”
  • “ЭНЕ ТИЛИМ -МЕНИН ДИЛИМ ”