AVN

ПРОФЕССИОНАЛДЫК-ПРОФИЛДИК ПРАКТИКАСЫНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ

ПРОФЕССИОНАЛДЫК-ПРОФИЛДИК  ПРАКТИКАСЫНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ
 Oct 26, 2018  730

Филология факультетинин “Англис тили жана адабияты” кафедрасынын 4-курсунун студенттеринин профессионалдык-профилдик  практикасынын жыйынтыгы тууралуу конференция 25-октябрда өткөрүлдү. Ага факультеттин деканы Гулбарчын Орозбаева, аталган кафедранын башчысы Айша Калмуратова, окутуучулар жана студенттер катышты.

   Конференция 100-аудиторияда уюшулуп, студенттер практика учурунда өткөн сабактарынан слайд-шоу даярдашып, ошондой эле иш учурундагы көрүнүштөрдөн үзүндүлөрдү көргөзүшкөн. “Л.Кочкорбаева эжейдин англис тилин окутуунун  усулу аттуу сабагында бизге колондон методдорун биз практикабызда колдоно алдык. Ал метод абдан жакшы жардам берди келечекте окуучуларды ошол метод менен окутууну көздөөдөмүн” – дейт ЧТк – 1-15 тайпасынын студенти Айсулуу Ырысмаматова.

Кафедра башчы А. Калмуратова студенттердин окуусуна ийгиликтерди каалап, теориялык алган билимиңерди практикада туура колдонуп келечекте мыкты кадр болушуңарды каалайм. “Бүгүнкү слайд-шоудан көргөн материал аркылуу студенттер практикасын мыкты деңгээлде өткөнү көрүнүп турат. Алдыда дагы изденип, ийгиликтерди жаратышыңарга тилектешмин” деген оюн айтты.

  • ПРОФЕССИОНАЛДЫК-ПРОФИЛДИК  ПРАКТИКАСЫНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ