AVN







Конфуцийде “Мыкты речь” конкурсу өткөрүлдү

Конфуцийде “Мыкты речь” конкурсу өткөрүлдү
 Oct 24, 2018  749

Конфуций институтунда кытай тили боюнча “Мыкты речь” конкурсу өткөрүлдү.

Кытай тилин үйрөнүп жаткан студенттердин оозеки кебин баалоо максатында өткөрүлгөн конкурска институттун 15 тил үйрөнүүчүсү катышты. Бул тууралуу институттун директору Мавлюда Шакирова маалымдады.

Анын маалыматында сынактын натыйжасында, 1-орунду Бахрамов Лочинбек,  2-орунду Душаева Аида, 3-орунду Абдукаимов Айкан ээлеп институттун баалуу белектерин алышты. Мындан сырткары, мыкты деп табылган жогорудагы студенттер ноябрь айында Бишкекте өтүүчү конкурска жолдомо алышты. Калган катышуучулар институттун грамотасы, баалуу белектери менен сыйланганы айтылат.

Институттун кыргыз директору, фил.и.к., доцент М.Р.Шакированын айтуусунда кытай тилин канчалык эрте куракта баштагандар жана курста үзгүлтүксүз окуп жаткандар акцентсиз, так, туура, бай сүйлөгөнгө үйрөнүп жатыптыр. Конкурстун катышуучуларынын аракеттери кубанарлык болуп, аны көрүп олтурган тил үйрөнүүчүлөр кытай тилин мындан да терең үйрөнүүгө, окутуучулары тил үйрөтүү усулдарынын үстүндө дагы да иштөөгө шыктанышкан.

Эске салсак, 2016-жылы институттун тил үйрөнүүчүсү Абдураим кызы Акседеп Бишкекте өткөрүлгөн конкурста «Мыкты речь» номинациясын утуп алган.

  • Конфуцийде “Мыкты речь” конкурсу өткөрүлдү
  • Конфуцийде “Мыкты речь” конкурсу өткөрүлдү
  • Конфуцийде “Мыкты речь” конкурсу өткөрүлдү
  • Конфуцийде “Мыкты речь” конкурсу өткөрүлдү
  • Конфуцийде “Мыкты речь” конкурсу өткөрүлдү