AVN







ЖАМУ БАТЫШ ЧЕХ УНИВЕРСИТЕТИ МЕНЕН ИШТЕШЕТ

ЖАМУ БАТЫШ ЧЕХ УНИВЕРСИТЕТИ МЕНЕН  ИШТЕШЕТ
 Oct 24, 2018  730

Жалал-Абад мамлекеттик университетине Батыш Чех университетиндеги Философия факультетинин “Археология” кафедрасынын башчысы Павел Вержека башында турган өкүлдөр келип, археологиялык илимий-изилдөө иштерди биргеликте өнүктүрүү максатында Тарых кафедрасы менен эки тараптуу кызматташуу боюнча макулдашуу жүргүзүлдү. Мындай маалыматты аталган кафедранын башчысы Эрнис Авазов кабарлады.

Макулдашууга ЖАМУнун ректору, т.и.д., профессор К.Ж.Усенов, педагогика жана маалыматтык технологиялар факультетинин  деканы, ф.и.к., доцент Р.К.Шамшиев, Тарых кафедрасынын башчысы, т.и.к., доцент Э.А.Авазов жана профессор-окутуучулар катышты.

“Кыргызстандын аймагында археологиялык изилдөөгө муктаж жерлер арбын.  Келечекте жаштардын изилдөөсүнө изги жол ачуу максатында жогорудагы аталган окуу жай менен иш алып барууну көздөөдөбүз. Бул менен студенттерге жана илим изилдөөчүлөргө шарт түзүлөт” – дейт Э.Авазов.

  • ЖАМУ БАТЫШ ЧЕХ УНИВЕРСИТЕТИ МЕНЕН  ИШТЕШЕТ