AVN







СПОРТТУН МЫКТЫЛАРЫ ТАНДАЛДЫ

СПОРТТУН МЫКТЫЛАРЫ ТАНДАЛДЫ
 Oct 24, 2018  814

ЖАМУнун экономикалык-юридикалык факультети тайпалар арасында волейбол боюнча мелдеш уюштурду. Спорт – ден- соолуктун булагы, ийгиликтин  ынтымактын башаты. Андыктан жаштардын ынтымагын, биримдигин чыңдоо максатында иш чара уюшулганын айтат аталган факультеттин окутуучусу З. Кошалиева.

Спорт менен машыгып, сергек жашоо мүнөзүн алып жүрүү азыркы учурда жаштар арасында адатка айланган. Эң негизгиси ден-соолук болсо, андан кийин студенттер арасында ынтымак, достук чыңалат.

 “Спорт- бул ийгиликтин, ынтымактын урааны- демекчи ЭЮФдун студенттери ураан көтөрүп чыгууда.  Ар дайым алдыга карай жол! Бул өтүп жаткан таймаштын негизги максаты болуп; Ар бир студенттин ар тараптуу өнүгүүсүн, ден-соолукту чыңдоону камсыз кылат жана өзүнүн массалуулугу менен мүнөздөлөт” – дейт З. Кошалиева.

Спорт- чечкиндүүлүк, туруктуулук, тартиптүүлүк, коллективди сүйүү, жеңишке умтулуу билүү жана башка  баалуу сапаттарды өнүктүрөт.  

 Бул таймашта мыктылардын мыктысы аныкталып, I орунду Финансы кредит адистигинин Фк – 1-18 тайпасы алса, II орунду “Юриспруденция” адистигинин Юк -1-18 тайпасы, III орунду  “Бухгалтердик эсеп” адистигинин БЭк – 1-16 тайпасы багындырды. Ошондой эле жеңүүчүлөргө  дипломдор ыйгарылганын айтат З.Кошалиева

  • СПОРТТУН МЫКТЫЛАРЫ ТАНДАЛДЫ
  • СПОРТТУН МЫКТЫЛАРЫ ТАНДАЛДЫ
  • СПОРТТУН МЫКТЫЛАРЫ ТАНДАЛДЫ