AVN







СИЗДИН УКУГУҢУЗ, ЭРКИНДИГИҢИЗ КОЛ ТИЙГИС...

СИЗДИН УКУГУҢУЗ, ЭРКИНДИГИҢИЗ КОЛ ТИЙГИС...
 Oct 24, 2018  673

Экономикалык-юридикалык факультетинин “Юриспруденция”адистигинин студенттери Жалал-Абад мамлекеттик телерадиокомпаниясынын ЮРАДИС (юристтен кеңеш) көрсөтүүсү менен тыгыз байланышып иш алып барууда. Мындай маалыматты аталган адистиктин окутуучусу З. Амиракулова билдирди.

Ар бир жаран  мыйзам  алдында жана сот алдында тең укуктуу. Андыктан алардын ар бири өз укуктарын билүүгө жана коргоого да акылуу. “Биздин студенттер окуу жайдан теориялык билим алганы айдан ачык. Алардын алган билимин практикалык түрдө колдонуп, дасыккан адис болуусу үчүн Жалал-Абад телерадиокомпаниясынын ЮРАДИС (юристтен кеңеш) көрсөтүүсү менен иштешүүдөбүз. Жаштар коомдо болуп жаткан көйгөйлөрдүн укуктук тарабын карап, кандай кеңеш берүүнү статьялардын колдонулушун үйрөнүшүүдө” – дейт ал.

Алдыда дагы студенттерди юристтер менен жоолугуштуруп, ар кандай иш чараларды өткөрүү пландалып жатканын кошумчалай кетти.

  • СИЗДИН УКУГУҢУЗ, ЭРКИНДИГИҢИЗ КОЛ ТИЙГИС...
  • СИЗДИН УКУГУҢУЗ, ЭРКИНДИГИҢИЗ КОЛ ТИЙГИС...
  • СИЗДИН УКУГУҢУЗ, ЭРКИНДИГИҢИЗ КОЛ ТИЙГИС...