AVN







ЖАМУнун СТУДЕНТТЕРИ РЕСПУБЛИКАЛЫК ОЛИМПИАДАДАН 2-ОРУНДУ КАМСЫЗДАШТЫ

ЖАМУнун СТУДЕНТТЕРИ РЕСПУБЛИКАЛЫК ОЛИМПИАДАДАН 2-ОРУНДУ КАМСЫЗДАШТЫ
 Oct 23, 2018  721

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин 5 студенти “География” предмети боюнча 2-республикалык олимпиадага катышышты. Олимпиада К.Тыныстанов атындагы Ыссык-Көл мамлекеттик университетинде 8 жогорку окуу жайдын студенттеринин катышуусунда болгонун “География” кафедрасынын башчысы Карачач Асанова билдирди.

Студенттердин билим деңгээлин текшерген олимпиада Кыргыз географиялык коому тарабынан уюшулуп, анда 8 команда таймашкан. “Биздин студенттер командалар арасында 2-орунду камсыздашты. Ал эми  Айдана Тагаева активдүү катышканы үчүн диплим менен сыйланды” – дейт кафедра башчы.

Олимпиадага катышкан студенттер;

Баратова Перизат,

Тагаева Айдана,

Жуманазар кызы Айдана,

Кубаныч кызы Дамира,

Сабирова Бегимай.

  • ЖАМУнун СТУДЕНТТЕРИ РЕСПУБЛИКАЛЫК ОЛИМПИАДАДАН 2-ОРУНДУ КАМСЫЗДАШТЫ
  • ЖАМУнун СТУДЕНТТЕРИ РЕСПУБЛИКАЛЫК ОЛИМПИАДАДАН 2-ОРУНДУ КАМСЫЗДАШТЫ
  • ЖАМУнун СТУДЕНТТЕРИ РЕСПУБЛИКАЛЫК ОЛИМПИАДАДАН 2-ОРУНДУ КАМСЫЗДАШТЫ