AVN







“БОШ ЖУМУШ ОРУНДАР ЖАРМАНКЕСИНЕ”

“БОШ ЖУМУШ ОРУНДАР ЖАРМАНКЕСИНЕ”
 Oct 19, 2018  1000

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин 300 студенти “Бош жумуш орундар жарманкесине” катышышты. Жарманке шаардык мэрия, шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгы жана Жалал-Абад жарандык Коомду колдоо борбору тарабынан уюшулганын айтат ЖАМУнун өндүрүштүк практика бөлүмүнүн инспектору Чынара Бабакулова.

Жарманкенин милдети:  Жаштарга ишке орношуу мүмкүнчүлүгү, кесиптик билим алуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалымат берүү;

 Жумуш берүүчүлөргө ваканциялар жөнүндө маалыматты кеңири жайылтууга шарт түзүү жана жарманкеге келгендердин ичинен керектүү кадрларды тандоо;

Жаштардын жумуш орундарындагы укугун коргоо боюнча көйгөйлөрүнө жумуш берүүчүлөдүн, мамлекеттик жана мамлекеттик эмес структуралардын көңүлүн бурдуруу – дейт уюштуруучулар.

Биздин окуу жай  миңдеген жаштарды окутуп, келечекке кадрларды даярдап келет. Алардын жумуш менен камсыз болуусу үчүн иш аракеттер аткарылууда. Аталган жарманкеда студенттер адистикти тандоону, жумушка орношуунун мүмкүнчүлүктөрүн жана эмгек келишим түзүү аркылуу иштөө жөнүндө адистерден кеңири маалымат алышты.  Мындай жарманкелерге университет активдүү катышып, бүтүрүүчүлөрүнүн жумуш менен камсыз болуусуна кандайдыр бир жардамын берип келет – дейт Ч. Бабакулова.

Ошондой эле окуу жай “Бош жумуш орундар жарманкесине” активдүү катышканын шаардык мэрия баса белгилеп, сыйлоо барагын ыйгарганын айтат ал.

  • “БОШ ЖУМУШ ОРУНДАР ЖАРМАНКЕСИНЕ”
  • “БОШ ЖУМУШ ОРУНДАР ЖАРМАНКЕСИНЕ”
  • “БОШ ЖУМУШ ОРУНДАР ЖАРМАНКЕСИНЕ”
  • “БОШ ЖУМУШ ОРУНДАР ЖАРМАНКЕСИНЕ”
  • “БОШ ЖУМУШ ОРУНДАР ЖАРМАНКЕСИНЕ”