AVN







ЖАМУда ТАМАШОУНУН 2-СЕЗОНУ АЧЫЛДЫ

ЖАМУда ТАМАШОУНУН  2-СЕЗОНУ АЧЫЛДЫ
 Oct 18, 2018  756

     ЖАМУнун Жаштар комитети тарабынан 17-октябрь күнү факультеттер аралык тамашоу оюнунун 2-сезонунун ачылыш аземи  болуп өттү.  Ага ар факультеттин курама командалары катышып, күч сынашты – дейт уюштуруучулар.

Аталган оюн 4 категориянын негизинде өттү:

1) Саламдашуу ;

2) Freestyle;

3) Үй тапшырма (музыкалык сынак);

4) Суроо-жооп

     Оюнга жалпысынан 7 команда катышып, иш-чаранын жыйынтыгында башкалардан өзгөчөлөнүп, "Мыкты команда" номинациясы менен экономикалык-юридикалык факультетинин  курама командасы сыйланды. "Мыкты оюнчу" номинациясынын ээси педагогика жана маалымат технологиялар факультетинин  курама командасынын оюнчусу  Касымбек кызы Нуриза  аталды. Ал эми "Мыкты тамаша" номинациясы медколледждин "Медлайн+" командасына ыйгарылды – деп билдирди жаштар комитеттин төрагасы Адилет Усенов.

Калыстар тобу;

Рыспай  Шаимкулов – калыстар тобунун төрагасы, маданий эстетикалык борбордун жетекчиси,

Адилет  Усенов – мүчө, Жаштар комитетинин төрагасы,

Исхак  Аширалиев – мүчө,  Жалал-Абад тамашоу лигасынын өкүлү,

Айдана Айдаралиева – мүчө,  ЖАМУнун "JASU STAR'S"  курама командасынын мүчөсү.

Жалал-Абад мамлекеттик университетинде жалпы 6 факультет, 6 колледж жана 2 институт өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет.

  • ЖАМУда ТАМАШОУНУН  2-СЕЗОНУ АЧЫЛДЫ
  • ЖАМУда ТАМАШОУНУН  2-СЕЗОНУ АЧЫЛДЫ
  • ЖАМУда ТАМАШОУНУН  2-СЕЗОНУ АЧЫЛДЫ
  • ЖАМУда ТАМАШОУНУН  2-СЕЗОНУ АЧЫЛДЫ
  • ЖАМУда ТАМАШОУНУН  2-СЕЗОНУ АЧЫЛДЫ
  • ЖАМУда ТАМАШОУНУН  2-СЕЗОНУ АЧЫЛДЫ