AVN







КАРЫЛАРДАН КАБАР АЛЫНУУДА

КАРЫЛАРДАН КАБАР АЛЫНУУДА
 Oct 17, 2018  688

Табигый-техникалык факультетине караштуу “Химия” кафедрасынын окутуучулары жана студенттери  карылар күнүнө карата шаарыбыздагы кары адамдардын ал-акыбалын сурап колдорунан келген жардамдарын берип келишти. Мындай маалыматты аталган кафедранын окутуучусу Нурия Жолдошалиева кабарлады.

Анын маалыматында социалдык өнүктүрүү башкармалыгында каттоодо турган  Акбарова Розалия Михайловна, Райманова Флюра жана Рагозин Валерий Ивановичтердин жашаган жерине барып, жашоо-шарттарынан кабар алышкан. “Адамдын көңүлү гүлдөй назик, бирок, жаш өтүп ардактуу эс алууда үйдөн чыкпай отуруп калганда ар бир ата-эненин көңүлү назик болуп, балдары анын ахыбалын сурап, көңүлүн алуп туруусун самайт. Ал эми жөн гана бей тааныш адам белектери менен барып , ден соолугун сурап койсо ал үчүн бакытылуу мүнөттөрүн тартуулай алат.  Мына ошондой бактылуу мүнөттөрдүн себепкери “Химия” кафедрасынын жалпы окутуучулар жана студенттери болду” – дейт Н. Жолдошалиева.

  • КАРЫЛАРДАН КАБАР АЛЫНУУДА