AVN







КАРЫЛАРДАН КАБАР АЛУУ УЛАНУУДА

КАРЫЛАРДАН КАБАР АЛУУ УЛАНУУДА
 Oct 17, 2018  706

ЖАМУнун китепкана-маалымат  Борборунун кызматкерлери 2018-жылдын 12- октябрында “Эл аралык карылар майрамына” карата Жалал-Абад шаарындагы социалдык өнүктүрүү башкармалыгында каттоодо турган жарандар менен жолугушууну уюштурушту.

Жолугушуу учурунда КМБнын башкы китепканачысы  жана  библиографы Кожоева Ч.Т.  “Карысы бардын-ырысы бар”- демекчи карыларыбыздын ден соолуктары  чың, узак  өмүр  сүрүп,   арабызда көп болушу бул биз үчүн абдан керек. Сиздер өз убагында эл-жерибиз  үчүн кызмат өтөп келдиңиздер, азыркы күндө өзүңүздөрдүн турмуштук тажрыйбаңыздардан  жаштарга кеп- кеңешиңиздерди айтып, туура  жолго үндөп келесиздер. Сиздерге колдоо көрсөтүп, жардам берүү, бул биздин бирден-бир милдетибиз болуп саналат” - деп белгиледи.

Университеттин жетекчилиги тарабынан ЖАМУнун китепкана-маалымат Борборунун кызматкерлерине бир  улгайган карыядан кабар алуу сунушталган.  Ал, Крылов №29 дарек боюнча жашаган Мусаев Мусахан, 1942-жылы туулган, жалгыз бой жашап келет, Жалал-Абад шаарынын областтык ооруканасында 30 жыл эмгектенген.