AVN







БИШКЕКТЕ БИЙИКТИКТИ БАГЫНДЫРДЫК

БИШКЕКТЕ БИЙИКТИКТИ БАГЫНДЫРДЫК
 Oct 15, 2018  780

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы, КРнын билим берүү жана илим министрлиги, «Улут Софт» жоопкерчилиги чектелген коому, Эл аралык инновациялык технологиялар университети тарабынан студенттер арасында «Кыргыз тилин маалыматтык технологияларында колдонуу» аттуу республикалык ачык сынак болуп өттү.  Өткөрүлгөн ачык сынакка информатика жана ОМТ кафедрасынын студенттери «ДАРЕК» жана «ЭЛ СӨЗҮ» долбоорлору менен катышып 1-орунга жетишкен.

   Долбоордун жетекчилери тарабынан  форматика жана ОМТ кафедрасынын доценти Мамадразаков Жумабек  жана кыргыз тили кафедрасынын окутуучусу Жалилова Нуржанага  Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы тарабынан Ардак граммота ыйгарылды. Ал эми  1-орунга жетишкен студенттерге сертификаттар берилип, ноутбук, китептер жана бир канча баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.

9-октябрь күнү жогорудагы студенттер ЖАМУнун чоӊ жыйындар залында окутуучуларга жана студенттерге долбоорлорду презентациялашып, конкурсттун жүрүшү боюнча кенен талкуу уюштурулду – деп билдирди информатика жана ОМТ кафедрасынын башчысы Маматова Г.

  • БИШКЕКТЕ БИЙИКТИКТИ БАГЫНДЫРДЫК
  • БИШКЕКТЕ БИЙИКТИКТИ БАГЫНДЫРДЫК
  • БИШКЕКТЕ БИЙИКТИКТИ БАГЫНДЫРДЫК