AVN







БАР БОЛГУЛА, КАДЫРМАН КАРЫЛАРЫМ

БАР БОЛГУЛА, КАДЫРМАН КАРЫЛАРЫМ
 Oct 15, 2018  966

ЖАМУда 2018-жылдын 1-октябрынан 15-октябрына чейинки мөөнөттө карылар күнүнө карата атайын жумалык жарыяланып, иш планга ылайык ар бир факультеттин студенттери жана окутуучулук-профессордук курамынын атайын жүрүштөрү ишке ашууда. Педагогика жана маалымат технологиялар факультетинин Башталгыч билим берүнүн теориясы жана методикасы кафедрасынын  профессор-окутуучулары 12-13-октябрь күндөрү Ураимов К.М., Шишкараева А.К., Раимкул к. А. жана студенттер Жалал-Абад шаарынын тургуну Н. Айтматова көчөсүнүн 42 – үйүнүн жашоочусу Скрипкина Раиса (пенсионер), Тешебаев көчөсүнүн 4-үйүнүн жашоочусу Александр Григорьев (Улуу ата мекендик согуштун катышуучусу, ардагер),  Щевченко көчөсүнүн 5-үйүнүн 51 батиринин жашоочусу Халиева  Калбү (ардагер) сыяктуу карылардын ал абалынан кабар алып кайтышты. Өзүлөрү алып барган белек- бечкектерин берип, алардын баталарын алышты.

 

Сый көрүп, ак дасторкон көркү болгон,

Карылар бар болушсун бактыбызга.

Жаштарга насаат айтып, нарк күтүшүп,

Жакшылык бата берет жалпыбызга.

 

Ар үйдө ак сакалдуу кары болсун,

Жанында байбичеси дагы болсун.

Келини кербезденип бой көтөрбөй

Уулунда уят менен намыс болсун.

 

БАР БОЛГУЛА, КАДЫРМАН КАРЫЛАРЫМ!

  • БАР БОЛГУЛА, КАДЫРМАН КАРЫЛАРЫМ
  • БАР БОЛГУЛА, КАДЫРМАН КАРЫЛАРЫМ
  • БАР БОЛГУЛА, КАДЫРМАН КАРЫЛАРЫМ