AVN







КАРЫСЫ БАРДЫН-ЫРЫСЫ БАР

КАРЫСЫ БАРДЫН-ЫРЫСЫ БАР
 Oct 15, 2018  1102

ЖАМУнун педагогика жана маалымат технологиялар факультетинин Информатика жана ОМТ кафедрасынын окутуучулары 2018-жылдын 11- октябрында “Эл аралык карылар майрамына” карата Жалал-Абад шаарындагы социалдык өнүктүрүү башкармалыгында каттоодо турган жарандар менен жолугушууну уюштурушту.

Жолугушуу учурунда кафедра башчы Маматова Г.Т  “Карысы бардын-ырысы бар”- демекчи карыларыбыздан арабызда көп болуп узак жана ден соолукта болушу бул биз үчүн абдан керек. Сиздер өлкөнүн келечегине жана гүлдөп өсүшүнө зор салым кошуп, азыр болсо, бизге алысты көрө билген акыл-насаатыңарды жана кеп-кеңешиңерди айтып келесиздер. Сиздерге колдоо көрсөтүп, жардам берүү, бул биздин бирден-бир милдетибиз болуп саналат” - деп белгиледи.

Университеттин жетекчилиги тарабынан Информатика жана ОМТ кафедрасына 3 улгайган карыядан кабар алуу сунушталган.  Алар , Курорт Подхоз №25 дарек боюнча жашаган Марипов Сабыр, 1956-жылы туулган, жашынан I-группадагы майып жалгыз бой жашап келет, Курорт Подхоз №72 дарек боюнча жашаган Махмудов Сабыр 1949-жылы туулган, Жалал-Абад шаарынын ички иштер бөлүмүндө 30-жыл эмгектенген, Курорт Ключ №39 дарек боюнча жашаган Алтынов Адилхан 1946-жылы туулган I-топтогу майып жалгыз бой жашап келет.

Эске салсак, 1-октябрь Эл аралык карылар күнү. Бул күндү 1990-жылы БУУнун Баш катчылыгы расмий майрамдардын катарына киргизген.

  • КАРЫСЫ БАРДЫН-ЫРЫСЫ БАР
  • КАРЫСЫ БАРДЫН-ЫРЫСЫ БАР