AVN

“ЖЕТЕЛЕГЕН 95-ЖЫЛ ЖАРЫККА, ЖАША ЖАМУ ИЗ КАЛТЫРЫП ТАРЫХТА” Кара-Көл колледжинде

 Oct 15, 2018  767

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Кара-Көл   колледжи  «2018-жыл Региондорду өнүктүрүү жылынын» алкагында жана ЖАМУнун түптөлүшүнүн 95 жыл университет болуп түзүлгөнүнүн 25 жылдыгына карата профессордук-окутуучулар курамы жана кызматкерлер арасында өткөрүлүүчү “Жетелеген 95-жыл жарыкка, жаша ЖАМУ из калтырып тарыхта” аттуу жарыяланган сынактын алкагында иш чара уюштурду.

Аталган колледждин иш чарасы жободогу бардык пункттардагы жанрларды толук камтыган. Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына карата анын чыгармаларынан үзүндүлөрдү аткарышты. ЖАМУ – 120 жашта же ЖАМУну 25 жылдан кийин кандай элестетем? - аталыштагы пунтуна ылайык окуу жайдын техникалык-базасына басым жасалып,  заманбап, өнүккөн университет  болот деген тилекте слайд шоу көргөзүштү. Андан сырткары ыр- бийлерин аткарышты.

     Куттуктоо сөзгө чыккан окуу жайдын социалдык иштер жана мамлекеттик тил боюнча проректору Айгул Доранова “Жалал-Абад мамлекеттик университети облуста кучагын кенен жайган жалгыз окуу жай болуп саналат. Ар аймакта коллдеждери жана факультеттери орун алып, жаш кадрларды даярдоодо. Бул иш чаранын максаты ЖАМУнун жалпы кызматкерлеринин ортосунда ынтымак чыңдалып, тажрыйба алмашуу” – дейт А. Доранова.

       Андан сырткары колледж азия өнүктүрүү банкы менен кызматташып, техникалык-база, корпустардын заманбап жаңылануусу сиздердин эмгегиңиздер. Окуу жайга кошкон опол тоодой чоң салымыңыздар деген оюн кошумчалады.

      Сөзгө чыккан калыстар тобунун мүчөсү Рысбай Шаимкулов  “Негизинен жобо боюнча берилген шарттардын бардыгын аткардыңыздар. Калыстар тобу ар бирибиз өз баабызды бердик, жыйынтыктаганда 253 баллга ээ болдуңуздар. Дагы өзгөчөлүгүңүздөрдү белгилей кетсем көргөзмөгө чыгарган улуттук формаңыздар болду. Аны башка аймактарга таанытуу үчүн сыналгыга чыгаруу зарыл. Бул боюнча жакынкы күндөрү сиздер менен биргеликте иш жүргүзүп, жайылтуу иштерин аткарабыз” – деди ал.

         Ал эми жылдын аягында болуучу гала концерке үч мыкты аткарылган чыгармаларды тандап алынды. Алар: Улан  Батыркуловдун аткаруусундагы “Ильяздын ыры”, Алчакан Калмырзаеванын аткаруусундагы «Эңсөө” жана чыгармасы жана улуттук кийимдердин көргөзмөсү  тандалы .

Калыстар тобунун мүчөлөрү:А.Д. Доранова – калыстар тобунун төрайымы, социалдык иштер жана мамлекеттик тил боюнча проректору;

Р.А. Шаимкулов – мүчө, ЖАМУнун маданий-эстетикалык борборунун жетекчиси;

Ж. Масаитов – мүчө, ЖАМУнун маданий-эстетикалык борборунун жетектөөчү адиси;

Н.Г. Шамуратов – мүчө, ЖАМУнун маданий-эстетикалык борборунун адиси.

К.Т. Тынымбекова – мүчө, ЖАМУнун коомчулук менен байланышуу боюнча жетектөөчү адиси.

  • “ЖЕТЕЛЕГЕН 95-ЖЫЛ ЖАРЫККА, ЖАША ЖАМУ ИЗ КАЛТЫРЫП ТАРЫХТА”  Кара-Көл колледжинде