AVN

ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАР ОРТОСУНДАГЫ ИЛИМИЙ БАЙЛАНЫШ

ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАР ОРТОСУНДАГЫ ИЛИМИЙ БАЙЛАНЫШ
 Oct 12, 2018  941

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин кыргыз тили кафедрасынын башчысы, фил.и.к., доцент Г.Бакирова менен фил.и.д., профессор М.Мирзахидовалар Ташкент шаарындагы М.Улугбек атындагы Өзбекстан улуттук университетинде 3-8-октябрь күндөрү болуп өткөн “Заманбап тил илими, котормо таануу жана лингводидактика” (NYY-2018) аттуу эл аралык илимий конференцияга катышып келишти. Конференцияга Кыргызстан, АКШ, Германия, Казакстан жана башка өлкөлөрдүн лингвисттери катышып, тил илиминин жаңы багыттары боюнча баяндамалар жасалды. Конференциянын уюштуруучулары – НУУнун филология факультетинин окутуучулары жана өзбек тилинин фразеологиясы боюнча илимий эмгектердин автору А.Э. Маматов менен жолугушуу болду.

          Доцент Г.Бакирова аталган университетте “Ч.Айтматов жана Өзбекстан” аталышындагы борбор уюштурулуп, ал борборго жазуучунун китептери, чыгармалары боюнча тартылган сүрөттөр коюлганын баса белгилеп сыймыктануу менен айтып өттү. М.Улугбек атындагы НУУда өткөн “Заманбап тил илими, котормо таануу жана лингводидактика” аттуу эл аралык илимий конференция боюнча маалыматтар Өзбекстан Республикасынын төрт телеканалынан көрсөтүлүп турганын кошумчалады.

         Конференциянын катышуучулары тарыхый шаар Самаркандга, Амир Темирдин мавзолейине сапарга чыгышты.

         Жогоруда аталган конференцияда чет өлкөдөн келген лингвисттер менен баарлашуулар, тажрыйба алмашуулар болду.  

  • ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАР ОРТОСУНДАГЫ ИЛИМИЙ БАЙЛАНЫШ