AVN







ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫ ЖЕТПЕГЕН АЙЫЛДАР АЗЫРКЫ КҮНГӨ ЧЕЙИН БАР

ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫ ЖЕТПЕГЕН АЙЫЛДАР АЗЫРКЫ КҮНГӨ ЧЕЙИН БАР
 Oct 10, 2018  776

   Экономикалык-юридикалык факультетинин “Юриспруденция” адистигинин Юк – 1-16 тайпасына “Аймактарды – өнүктүрүү жылына карата”  ачык куратордук саат өтүлдү. Ачык саат аталган тайпанын куратору З. Амиракулова тарабынан уюштурулуп, ага факультеттин деканы А.К. Аскарова, юриспруденция багытындагы үч кафедранын башчылары конок  катары  катышкан.

    З. Амиракулованын айтымында ачык саатта “7 областын аймактарын канткенде көтөрө алабыз?” – деген суроо коюлган.  “Ачык сааттын программсы төрт бөлүктөн турду. Анда, Президент С.Ш. Жээнбековдун “Аймактарды – өнүктүрүү жылына карата” жарыяланган Жарлыгы жөнүндө студенттерге маалымат берилди.  Жети облустун  аймактары боюнча видео тасма көргөзүлүп,  жаштар тарабынан өлкөнүн экономикасын канткенде өнүктүрө аларыбыз  деген маселе коюлуп, жаштар тарабынан түрдүү   сунуштар айтылды” – дейт З. Амиракулова.

    Юк – 1-16 тайпасынын студенти Асанов Нуртилек Баткен облусунун Кызыл-Кыя жана Кадамжай шаарларына барып, көйгөйлүү маселелер менен жеринде таанышып, атайын видео тасма даярдаган. Ал жерде негизги көйгөй катары каттоо жолдор саналат. Аймактар бири-бири менен алака жасоо үчүн каттам жолдордун абалы талапка ылайык болсо өлкөнүн социалдык-экономикалык өсүүсүнө кандайдыр бир салымын кошот деген ойду камтыган.

       Негизинен өлкөнүнүн аймактарын өнүктүрүү үчүн таза суу менен камсыз кылуу, жолдорду оңдоо, электр энергиясы жетпеген айылдар азыркы күнгө чейин бар, ошол жерлерге  электр энергиясын жеткирүү жана жаш муундардын дүйнө таанымы кенен болуш үчүн интернет ар бир аймакта болуусу бүнүнкү күндүн талабы экенин студенттер белгилешкен.

     Жыйынтыгында факультеттин деканы А.К. Аскаров сөзгө чыгып, сабакка даярдыгыңыздар эң мыкты жана  жогорку деңгээлде өттү. Өлкөнүн тагдырын ойлоп, аны өнүктүрүүнү кыялданган жаштардын бизден билим алып жатканы кубандырууда. Келечек силердин колуңарда, өнүккөн өлкө, жаркын келечек силерди күтүп турат деп ишенем – деген каалоосун билдирди.

  • ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫ ЖЕТПЕГЕН АЙЫЛДАР АЗЫРКЫ КҮНГӨ ЧЕЙИН БАР
  • ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫ ЖЕТПЕГЕН АЙЫЛДАР АЗЫРКЫ КҮНГӨ ЧЕЙИН БАР
  • ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫ ЖЕТПЕГЕН АЙЫЛДАР АЗЫРКЫ КҮНГӨ ЧЕЙИН БАР
  • ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫ ЖЕТПЕГЕН АЙЫЛДАР АЗЫРКЫ КҮНГӨ ЧЕЙИН БАР
  • ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫ ЖЕТПЕГЕН АЙЫЛДАР АЗЫРКЫ КҮНГӨ ЧЕЙИН БАР
  • ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫ ЖЕТПЕГЕН АЙЫЛДАР АЗЫРКЫ КҮНГӨ ЧЕЙИН БАР