AVN







КАРЫЛАРДАН КАБАР АЛУУ УЛАНУУДА

КАРЫЛАРДАН КАБАР АЛУУ УЛАНУУДА
 Oct 10, 2018  758

ЖАМУнун педагогика жана маалымат технологиялар факультетинин «Башкаруунун автоматташтырылган системалары” (БАС) кафедрасынын окутуучулары 2018-жылдын 9- октябрда “Улгайган адамдардын күнүнө“ карата Жалал-Абад шаарынын социалдык өнүктүрүү башкармалыгында каттоодо турган 2 жаранды майрамы менен куттуктап, моралдык колдоо көргөзүп келишти. Бул тууралуу кафедра башчы Мураталиева В.Т кабарлады.

Университеттин жетекчилиги тарабынан БАС кафедрасына 2 улгайган жаран бөлүнгөн. Алар , Исакулова 64-20 дарек боюнча жашаган Зайцева Валентина Дмитриевна, Зайцев Геннадий Александрович. “Улуу муундагы замандаштарыбыз ар убак колдоого муктаждыгын эске алып, даталуу күнгө карата атайын азык-түлүк менен үйлөрүнө бардык.  Валентина Дмитриевна, Геннадий Александрович өмүр бою Жалал-Абад аэропортунда эмгектенишип ардактуу эс алууга чыгышкан, алардын жашы: Геннадий Александрович-84, Валентина Дмитриевна- 76да. Карыяларга жылуу сөздөрүбүздү, жакшы тилектерди билдирип куттуктоо биздин атуулдук милдет” – дейт В. Мураталиева.

Белгилей кетсек аталган кафедрада 11 кызматкер эмгектенет.

  • КАРЫЛАРДАН КАБАР АЛУУ УЛАНУУДА
  • КАРЫЛАРДАН КАБАР АЛУУ УЛАНУУДА