AVN







СЫЙМЫКТУУ КЕСИП ЭЭЛЕРИ КУТТУКТАЛДЫ

СЫЙМЫКТУУ КЕСИП ЭЭЛЕРИ КУТТУКТАЛДЫ
 Oct 10, 2018  901

“Сергектик сезимдерге дайым тунган,

“Мугалим” бүтпөс  обон,  бүтпөс дастан.

Түгөнгүс  түйшүктөргө сугарылган,

Мугалим болгонума сыймыктанам.

Урматтуу , кымбаттуу, сүйүктүү кесиптештерим!

Кесиптик майрамыңыз куттуу болсун!

Бар болуңуздар, аман болуңуздар, ден-соолукта жүрүңүздөр!” – мындай каалоо-тилекти  экономикалык-юридикалык факультетинин деканы  э.и.д., профессор А.К. Аскарова жана ЖАМУнун Профсоюздук комитетинин  мүчөсү Н. Мусакулов  билдирди.

       Замандын агымына жараша жаштарды кесипкөйлүккө даярдап, өлкөнүн түптүү келечегин түзүүгө алп салымын кошуп келе жаткан окутуучуларды майрамы менен куттуктап, аларга факультетет тарабынан белектерди ыйгаршты.

     Ошондой эле аталган  факультеттин   Жаштар комитети  тарабынан мугалимдер күнүнө  арналган “Мугалим мөмөлү алтын дарак, силерсиз билим кени кайдан жанмак”  деген аталышта концерттик программасын тартуулап  мугалимдерди куттукташты .

    Факультеттин жаштар комитетинин төрайымы Момуналы кызы Күмүшай – “Биз кыялданып тандаган кесипке жаштарды даярдап, үйрөткөн эже-агайларыбызга баш ийип таазим кылабыз. Түмөн түйшүктүү кесибиңиздерден эмгегиңиздер бааланып, өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошкон жаш кадрларды даярдап келесиздер жана дагы да даярдап жатасыздар. Кесиптик майрамыңыздар менен урматтуу мугалимдер” – деген  каалоосун айтып өттү.

  • СЫЙМЫКТУУ КЕСИП ЭЭЛЕРИ КУТТУКТАЛДЫ
  • СЫЙМЫКТУУ КЕСИП ЭЭЛЕРИ КУТТУКТАЛДЫ
  • СЫЙМЫКТУУ КЕСИП ЭЭЛЕРИ КУТТУКТАЛДЫ
  • СЫЙМЫКТУУ КЕСИП ЭЭЛЕРИ КУТТУКТАЛДЫ
  • СЫЙМЫКТУУ КЕСИП ЭЭЛЕРИ КУТТУКТАЛДЫ
  • СЫЙМЫКТУУ КЕСИП ЭЭЛЕРИ КУТТУКТАЛДЫ