AVN







МУГАЛИМ КИМ?

МУГАЛИМ КИМ?
 Oct 9, 2018  1526

Көптөн бери майрамдык салтка айланган билим берүү тармагында эмгектенип келе жаткан агай-эжекелердин майрамын белгилөө максатында 2018-жылдын 5-октябрында ПМТФнын фоесинде “Педагогикалык ода” аталышындагы таңкы куттуктоо аземи болуп өттү. Иш-чаранын башталышында сабакка келе жаткан ар бир окутуучу, профессорлорду гүл менен тосуп алышып, аларга куттуктоо сөздөрүн айтып жатышты.

Таңкы куттуктоо аземин ЖАМУнун ректору, тех.и.д., профессор К.Ж. Усенов ачып, ал өз сөзүндө ПМТФнын жалпы профессордук-окутуучулук курамын жана ошондой эле болочоктогу мугалимдер катары студенттерди кызуу куттуктап кетти. Алардын бул кесипти тандап алышы эң туура кадам экендигин баса белгилеп, окуудагы жана жеке жашоосундагы турмушунда ийгиликтерди каалады.

Ошондой эле куттуктоо сөзгө чыгышкан ЖАМУнун мамлекттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору А.Д. Доранова, ПМТФнын деканы, ф.и.к., доцент Р.К. Шашмшиев жана БББТМ кафедрасынын башчысы, п.и.д., профессор С.Сакиевалар бул кесиптин улуулугун даңазалаган сөздөр менен жалпы кесиптештерин куттуктап өтүштү.

“Педагогикалык ода” аталышындагы иш-чараны ПМТФнын БББТМнын кафедрасынын профессордук-окутуучулук  курамы, жана педагогика адистигинин студенттери тарабынан даярдалды. Ал эми модератор катары БББТМ кафедрасынын улук окутуучусу, А.Э. Төрөбекова жана окутуучу А.К. Шишкараевалар иш алып барышты. Бул жолку иш-чара адаттагыдан өзгөчөлөнүп, мамлекеттик жана расмий тилдерде жүргүзүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттердин күчү менен даярдалган өздүк көркөм чыгармачылык концерти тартууланды.

 Мугалим ким?

Мугалим ким?

Бала десе шашып турган,

Ал инсан бакыт нурун чачып турган.

Мугалим ким?

Чыгармачыл чыгаан инсан,

Чымырканып чын дилинен  кызмат кылган.

  • МУГАЛИМ КИМ?
  • МУГАЛИМ КИМ?
  • МУГАЛИМ КИМ?
  • МУГАЛИМ КИМ?
  • МУГАЛИМ КИМ?