AVN







“ЖЕТЕЛЕГЕН 95-ЖЫЛ ЖАРЫККА, ЖАША ЖАМУ ИЗ КАЛТЫРЫП ТАРЫХТА”

“ЖЕТЕЛЕГЕН 95-ЖЫЛ ЖАРЫККА, ЖАША ЖАМУ ИЗ КАЛТЫРЫП ТАРЫХТА”
 Oct 6, 2018  854

    Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Жалал-Абад  колледжинин «2018-жыл Региондорду өнүктүрүү жылынын» алкагында жана ЖАМУнун түптөлүшүнүн 95 жыл университет болуп түзүлгөнүнүн 25 жылдыгына карата профессордук-окутуучулар курамы жана кызматкерлер арасында өткөрүлүүчү “Жетелеген 95-жыл жарыкка, жаша ЖАМУ из калтырып тарыхта” аттуу жарыяланган сынактын алкагында иш чара уюштурду.

       Аталган колледждин иш чарасы жободогу бардык пункттардагы жанрларды толук камтыган. Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына карата анын  «Чынгызхандын ак булуту» аттуу чыгармасын сахналаштырышкан.  ЖАМУ – 120 жашта же ЖАМУну 25 жылдан кийин кандай элестетем? - аталыштагы пунтуна ылайык окуу жайдын корпустары заманбап имараттар болот деген тилекте слайд шоу көргөзүштү. Андан сырткары ырлар, ар улуттун бийлерин аткарышты.

Куттуктоо сөзгө чыккан окуу жайдын ректору Кеңешбек Усенов “Колледждин ачылганына аз гана убакыт болгонуна карабай ар тараптуу ийгиликтерди жаратуудасыздар. Окуу жайга инвестиция тартуу боюнча сап башында туруп, колледждин техникалык базасын заманбап, акыркы үлгүдөгү каражаттар менен толуктоодосуздар. Жаштардын терең билим алуусуна мыкты шарттарды түзүп, башкаларга үлгү болуудасыздар. Сиздердин жасаган эмгегиңиздерди баалап, жалпы жамаатыңыздарга баш ийип таазим этем!” – деген оюн блдирди.

  • сөзгө чыккан калыстар тобунун төрайымы Айгул Доранова “Негизинен жобо боюнча берилген шарттардын бардыгын аткардыңыздар. Калыстар тобу ар бирибиз өз баабызды бердик, жыйынтыктаганда 285 баллга ээ болдуңуздар. Дагы өзгөчөлүгүңүздөрдү белгилей кетсем бардык кызматкерлер жаш-кары дебей жапа тырмак катышканыңыздар сиздердин ынтымактуу жамаат экениңиздерден кабар берет. Ал эми жылдын аягында болуучу гала концерке эки мыкты аткарылган чыгармаларды тандап алдык. Алар: Жумабек  Ажыкуловдун аткаруусундагы “Ак чардак” чыгармасы жана “Чынгызхандын ак булуту” аттуу сахналаштырылган көрүнүштү тандадык” деди.

Калыстар тобунун мүчөлөрү:А.Д. Доранова – калыстар тобунун төрайымы, социалдык иштер жана мамлекеттик тил боюнча проректору;

  1. Р.С.Нусупова – мүчө, ЖАМУнун окумуштуу катчысы;
  2. Р.А. Шаимкулов – мүчө, ЖАМУнун маданий-эстетикалык борборунун жетекчиси;
  3. Ж. Масаитов – мүчө, ЖАМУнун маданий-эстетикалык борборунун жетектөөчү адиси;
  4. Н.Г. Шамуратов – мүчө, ЖАМУнун маданий-эстетикалык борборунун адиси.

  • “ЖЕТЕЛЕГЕН 95-ЖЫЛ ЖАРЫККА, ЖАША ЖАМУ ИЗ КАЛТЫРЫП ТАРЫХТА”
  • “ЖЕТЕЛЕГЕН 95-ЖЫЛ ЖАРЫККА, ЖАША ЖАМУ ИЗ КАЛТЫРЫП ТАРЫХТА”
  • “ЖЕТЕЛЕГЕН 95-ЖЫЛ ЖАРЫККА, ЖАША ЖАМУ ИЗ КАЛТЫРЫП ТАРЫХТА”
  • “ЖЕТЕЛЕГЕН 95-ЖЫЛ ЖАРЫККА, ЖАША ЖАМУ ИЗ КАЛТЫРЫП ТАРЫХТА”
  • “ЖЕТЕЛЕГЕН 95-ЖЫЛ ЖАРЫККА, ЖАША ЖАМУ ИЗ КАЛТЫРЫП ТАРЫХТА”
  • “ЖЕТЕЛЕГЕН 95-ЖЫЛ ЖАРЫККА, ЖАША ЖАМУ ИЗ КАЛТЫРЫП ТАРЫХТА”
  • “ЖЕТЕЛЕГЕН 95-ЖЫЛ ЖАРЫККА, ЖАША ЖАМУ ИЗ КАЛТЫРЫП ТАРЫХТА”