AVN







СЫЙЛЫК СЫЙМЫК ЫРООЛОЙТ

СЫЙЛЫК СЫЙМЫК ЫРООЛОЙТ
 Oct 5, 2018  767

ЖАМУнун окутуучулары  КР Өкмөтүнүн  Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн  «Ардак грамотасы» менен сыйланды. Биздин бүтүрүүчүлөр республиканын жана чет өлкөнүн бир катар ишканаларында эмгектенип, өлкөнүн өнүгүүсүнө өз салымдарын кошууда. Аны менен катар эле окуу жай облстагы эң чоң университет  катары эсептелинип, облустун социалдык-экономикалык өсүүсүнө эбегейсиз салым кошууда.  Сыйлык сыймык ыроолойт, бул чек болбосун илим тармагында чоң ийгиликтерди багындырыңыздар – деген каалоо тилегин ректор Кеңешбек усенов сыйлык тапшыруу учурунда билдирди.

Жаш муундарды окутуп тарбиялоодо жетишкен ийгиликтери, билим берүү тармагына сиңирген эмгеги үчүн №203 токтомунун негизинде  КР Өкмөтүнүн  Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн  «Ардак грамотасы» менен сыйланды;

      1. Сакбаева Зулфия Исраиловна – Окуу бөлүмүнүн башчысы
      2. Абдувалиев Ибрагим – ФФнын “Кыргыз тили” кафедрасынын профессору,
      3. Айдаркулов Кадыркул – ПМТФнын “Тарых” кафедрасынын доценти,
      4. Салибаева Кенжегүл Паратовна – ЖАКтын “Педагогика” бөлүмүнүн башчысы,
      5. Төлөнов Эмил Нажимидинович – ЭЮФнын “Экономикалык билим берүү” кафедрасынын башчысы.