AVN







ЖАМУнун 6 КЫЗМАТКЕРИ «БИЛИМ БЕРҮҮНҮН МЫКТЫСЫ» ТӨШ БЕЛГИСИ МЕНЕН СЫЙЛАНДЫ

ЖАМУнун 6 КЫЗМАТКЕРИ «БИЛИМ  БЕРҮҮНҮН МЫКТЫСЫ» ТӨШ БЕЛГИСИ МЕНЕН СЫЙЛАНДЫ
 Oct 5, 2018  833

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин 6 кызматкери КР ББИМдин «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси менен сыйланды. Сыйлыктарды окуу жайда мугалимдер күнүнө карата уюшулган иш чарада университеттин ректору Кеңешбек Усенов тапшырды.

Көп жылдык үзүрүү эмгеги, ийгиликтери, келечектин жаш муундарын окутуп тарбиялоодогу жетишкендиктери жана билим берүү тармагына кошкон салымы үчүн Министрдин №20/4 буйругунун негизинде

  1. Доранова Айгүл Дадажановна – ЖАМУнун мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору,
  2. Мирзахмедова Айнура Абдухалиловна – Окуу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси,
  3. Көкүмбаева Күлүмкан Асановна – ТТФнын “Эб,ЭЭС жана М” кафедрасынын башчысы.
  4. Орозова Манзууракан Ысаковна – ЖАКтын “Бухгалтердик эсеп жана салык салуу” бөлүмүнүн башчысы,
  5. Осмонова Үпөл Орозалиевна – Китепкана-маалымат борборунун китепканачысы,
  6. Осмонова   Нүргүл Таштановна – ПМТФнын “Информатика жана ОМТ” кафедрасынын окутуучусу.