AVN







ЖАМУНУН ПРОФЕССОРУ КР ӨКМӨТҮНҮН АРДАК ГРАМОТАСЫ МЕНЕН СЫЙЛАНДЫ

ЖАМУНУН ПРОФЕССОРУ  КР ӨКМӨТҮНҮН  АРДАК  ГРАМОТАСЫ МЕНЕН СЫЙЛАНДЫ
 Oct 5, 2018  846

ЖАМУнун окутуучусу, профессор Талча Аманкулова КР Өкмөтүнүн  Ардак Грамотасы менен сыйланды. Сыйлыкты мугалимдер күнүнө карата окуу жайда уюшулган иш чарада университеттин ректору, Усенов Кеңешбек Жумабекович тапшырды.

Т. Аманкулова – айыл-чарба илимдеринин доктору, профессор. Ал бир топ жылдан бери Жалал-Абад мамлекеттик университетинде эмгектенип, “Биология” кафедрасынын башчысы, педагогика жана маалыматтар факультетинин деканы, табигый-техникалык факультетинин деканы жана ЖАМУнун илим изилдөө боюнча проректору кызматтарын аркалаган. Көп жылдык эмгеги бааланып, КР Өкмөтүнүн  № 064  токтомунун негизинде мамлекетке сиңирген өзгөчө эмгегин баалоо иретинде КР Өкмөтүнүн  Ардак Грамотасы менен сыйланды.

  • ЖАМУНУН ПРОФЕССОРУ  КР ӨКМӨТҮНҮН  АРДАК  ГРАМОТАСЫ МЕНЕН СЫЙЛАНДЫ