AVN







КУТТУКТОО!!!

КУТТУКТОО!!!
 Oct 4, 2018  1113

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору, техника илимдеринин доктору, профессор Усенов Кеңешбек Жумабекович жалпы мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктады.

     Куттуктоодо мындай деп айтылат:  

       Ардактуу кесиптештер, Урматтуу Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жалпы профессордук-окутуучулар  курамы Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм! 

     Мугалим кесиби түбөлүктүү. Адамзат жаралгандан бери ар бир муун кийинки муунга өзүнүн тажырыйбасын, билимин берип келген. Мугалим - бул муундардын ортосундагы көпүрө.

    Педагогдор - балдарга, өсүп келе жаткан муундарга адамкерчиликти, сабырдуулукту, эң оор маселелерди тынчтык жолу менен чечүүнү окуткан, үйрөткөн адамдар. Мен бардык педагогдорду болгон кыйынчылыктарга карабастан, талыкпастан  “акылдын, мээримдин, түбөлүктүүлүктүн үрөнүн себүүгө” чакырам.
    Ардактуу биздин жалпы жамаат,  Сиздер тарбиялап, келечекке даярдаган адистер өлкөнүн өнүгүп-өсүүсүнө, мамлекеттин социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга өз салымдарын кошууда, дагы да мыкты кадрларды таптап, даярдоодосуздар.  Ал менен катар эле илимий изилдөөлөргө активдүү катышып, эмгегиңиздер бааланып жатканын сыймыктануу менен белгилеп кетсем болот.  2018-жылдын ушул күнүнө чейин ;

Калчекеев Кубанычбек – филология илимдеринин доктору,

Тампагаров Куштарбек – физика-математика илимдеринин доктору,

Темиров Немат – доцент,

Тажибаева Жаркын – педагогика илимдеринин кандидаты,

Субанов Бекжан – педагогика илимдеринин кандидаты наамына ээ болушту.   Ар бир аткарган ишиңиздер, жактаган илимиңиздер окуу жайдын өнүгүшүнө, коомдогу ордун жогорулатууга салым кошот.

    Ардактуу кесиптештер, Сиздер Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ардактуу сыймыгысыздар. Ар бириңиздердин эмгегиңиздер өзүнчө сөз кылууга арзыйт .
  Урматтуу билим берүү кызматкерлери, сиздер замандын талабына татыктуу жооп бере аласыздар жана билим берүүнүн жогорку деңгээлдеги сапатын камсыз кылуу менен Кыргызстандын келечегинин негиздерин калыптандырасыздар деген ишенимимди билдирем.
   Сиздерге чың ден соолук, узун өмүр, бакты-таалайалбан ийгиликтерди, жаркын маанай каалайм. Сиздер тартуулаган билм жана илим элибизге, ар бир мекендешибизге зор руханий болуп, тарбияңыздардын таасири менен баарыбыздын дилибизде ыймандуулук өкүм сүрсүн!