AVN







АРДАКТУУ ЭС АЛУУДАГЫЛАРДЫ КУТТУКТАШТЫ

АРДАКТУУ ЭС АЛУУДАГЫЛАРДЫ КУТТУКТАШТЫ
 Oct 4, 2018  767

Табигый-техникалык факультетинин  География кафедрасынын окутуучулары жана студенттери биримдикте   1- Октябрь "Карыялар күнүнө"  социалдык өнүктүрүү башкармалыгында каттоодо турган 2 улгайган жаранды куттукташты. Бул тууралуу кафедра башчы Карачач Асанова кабарлады.

       Анын айтымында жарандарга даталуу күнгө карата атайын азык-түлүк менен үйлөрүнө барышкан. “Улгайган жарандар ар күнү көнүл бурууга, жардамга жана моралдык колдоого муктаж. Окуу жайдын жетекчилиги тарабынан атайын иш план түзүлүп, анын негизинде карылардан кабар алынууда. Биз дагы өз жарандык милдетибиз катары кабыл алып, ардактуу эс алуудагы адамдарды майрамы менен куттуктадык”- дейт К. Асанова.

  • АРДАКТУУ ЭС АЛУУДАГЫЛАРДЫ КУТТУКТАШТЫ