AVN







КАРЫСЫ БАРДЫН – ЫРЫСЫ БАР!

КАРЫСЫ БАРДЫН – ЫРЫСЫ БАР!
 Oct 4, 2018  3240

ЖАМУнун Экономикалык – юридикалык факультетинин “Финансы жана кредит” кафедрасынын окутуучулар жамааты “Финансы жана кредит ” адистигинин студенттери менен биргеликте Жалал-Абад шаарынын тургундары Печникова Валентина Васильевна, Умарова Турсунай, Бондаренко Евгения Фоминичналарга кабар алганы барып, Эл аралык карылар күнү менен куттукташты.

Ошондой эле ЖАМУнун Экономикалык – юридикалык факультетинин “Финансы жана кредит” кафедрансынын аксакалы, экономика илимдеринин доктору, профессор, Зулпукаров Аманкул Зулпукаровичти да Эл аралык карылар күнү менен кафедранын жамааты, студенттер куттукташты. “Аты аталган карыяларга кафедранын окутуучулар жамааты жана студенттери  биргеликте азык-түлүктөрдү сатып алышып майрамдык белектерди ыйгарышты. Карыяларга жылуу сөздөрүн, жакшы тилектерин билдиришип куттуктап кайтышты” – дейт кафедра башчы Азиза Карбекова.

“Карысы бардын- ырысы бар” демекчи, карыяларды  дайыма сыйлоо жана урматтоо, колдоо көрсөтүп, жардам берүү ар бир инсандын бирден бир ыйык милдети болушу  керек.  Мындай иш-чаралар дайыма  болуп турушу абзел деген оюн кошумчалады ал.  

  • КАРЫСЫ БАРДЫН – ЫРЫСЫ БАР!
  • КАРЫСЫ БАРДЫН – ЫРЫСЫ БАР!
  • КАРЫСЫ БАРДЫН – ЫРЫСЫ БАР!
  • КАРЫСЫ БАРДЫН – ЫРЫСЫ БАР!
  • КАРЫСЫ БАРДЫН – ЫРЫСЫ БАР!
  • КАРЫСЫ БАРДЫН – ЫРЫСЫ БАР!
  • КАРЫСЫ БАРДЫН – ЫРЫСЫ БАР!
  • КАРЫСЫ БАРДЫН – ЫРЫСЫ БАР!
  • КАРЫСЫ БАРДЫН – ЫРЫСЫ БАР!
  • КАРЫСЫ БАРДЫН – ЫРЫСЫ БАР!