AVN







АЙМАКТАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ ЖЫЛЫН УТУРЛАЙ

АЙМАКТАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ ЖЫЛЫН УТУРЛАЙ
 Oct 2, 2018  806

       Экономикалык-юридикалык факультетинин “Экономикалык билим берүү” кафедрасы быйылкы “2018-жыл –Аймактарды өнүктүрүү жылы” деп аталышына багытталган иш-чара  “Бухгалтердик эсеп” адистигинин БЭк-1-18 тайпасынын жана куратору окутуучу М.Ж.Акжолованын демилгесинде  өткөрүлдү.

      Бул иш-чара алгач Кыргыз Республикасынын Гимни ойнолуп, студенттер жандуу үн коштогон ыры менен башталды. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер даярдаган баяндамаларда  мекенчиликдик,Кыргызстандын келечеги жана бүгүнкү күндө орун алып жаткан көйгөйлөрү тууралуу кеп козгошту. Өз кезегинде, иш-чаранын катышуучуларына кыргыз жаштары жана мекенчилдикке үндөгөн ыр саптар окулуп, жандуу үндө обондуу ыр тартуулашып, катышуучулардын кол чабуулар менен коштолду. Иш-чарага 1-2-4-курстардын студенттери жана факультеттин деканы э.и.д.,профессор А.К.Аскарова ,кафедра башчысы э.и.к.,доцент Э.Н.Төлөнов жана ага окутуучу Б.А.Аширалиева катышты.  Иш-чараны  жыйынтыктоо сөзгө чыккандар, мындай иш-чаралардын байма-бай өтүшү студенттердин көпчүлүктүн алдына чыгып сүйлөөсүнө, пикирин кеңири билдирүүгө тажрыйбасын арттыраарын белгилешти. Баяндамалары  өзгөчөлөнгөн студенттердин катарына Сыймык Мавлянкулов,Жасмина Асанова жана Мадина Мамажанова белгиленди.

  • АЙМАКТАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ ЖЫЛЫН УТУРЛАЙ
  • АЙМАКТАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ ЖЫЛЫН УТУРЛАЙ
  • АЙМАКТАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ ЖЫЛЫН УТУРЛАЙ