AVN







АКАДЕМИК И.К. АХУНБАЕВДИН 110 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ

АКАДЕМИК И.К. АХУНБАЕВДИН 110 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ
 Sep 29, 2018  983

Жалал-Абад шаарында 28-сентябрь күнү академик И.К.Ахунбаевдин 110 жылдыгына  карата “Кыргызстандын кардиохирургиясы кылымдар тогошкондо, жетишкендиктери жана келечеги” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болду. Мындай маалыматты ЖАМУнун медицина факультетинин “Ички оорулар” кафедра башчысы Калдарбек Абдраманов билдирди.

             Конференция  КР Президентинин «2018-жыл – региондорду өнүктүрүү жылы» программасынын алкагында уюшулуп, ага Орусия федерациясынын, Турция, Казакстан өлкөлөрүнүн , Бишкек жана Ош шаарынын илимпоз профессорлору катышкан. “Иш чараны Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургия илимий борбору, И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз Республикасынын жүрөк-кан тамыр хирургдарынын коому, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин медицина факультети биргеликте уюштурду. Анда медицина илиминдеги акыркы ачылыштар, жетишкендиктер жана алдыда аткарылчу иштер  жөнүндө ойлор айтылды” – дейт     К. Абдраманов.

Ушул жылдын 25-сентябрында өлкөбүздүн  улуу илимпозу, биринчи жүрөк-кан тамыр хирургу академик И.К.Ахунбаевдин туулганына 110 жыл толду. Кыргызстандагы кардиохирургиянын өнүгүү жана түзүлүшү 1960-жылдардын аяк ченине барып такалат. Бул тармактын өсүүсү илимий-практикалык жаатта саламаттыкты сактоонун мыктысы, белгилүү хирург жана академик И.К.Ахунбаевдин ысымы менен тыгыз байланышта.

Академик И.К.Ахунбаевдин 100-жылдыгын белгилөө мааракесинде Орусиянын НЦССХ директору, академик Л.А.Бокерия төмөнкүдөй белгилеген: "Кыргызстандагы аталган тармактын негиздөөчүсү  академик И.К.Ахунбаев болсо , Орусиядагы жүрөк-кан тамыр хирургиясы жана кардиореанимациясын өнүгүү жолун баштаган  академик Н.И.Бакулев болгон”.

19-майда 1959-жылы И.К.Ахунбаев тарабынан биринчи жолу жүрөкө ийгиликтүү операция жасалган. Бул  советтик Чыгышта алгачкылардан болуп жүрөкө жасалган операция болчу. Жүрөктүн түрдүү ооруларын операциялык жол менен дарылоо максатында илимий иштер башталган. Кыргызстандагы жүрөк-кан тамыр хирургиясы медицинанын башкы багыттарынын бири болуп эсептелинет.

И.К.Ахунбаев чындыгында “кудай колдогон хирург”, боорукер жана миңдеген адамдар даба тапкан гениалдуу дарыгер. Анын аты Иса - араб тилинен “өмүр берүүчү” деп бекеринен которулбайт.

И.К.Ахунбаев  3 “Ардак белгиси”, Ленин, Октябрь революциясы, Эмгек Кызыл-Туу ордендери , медалдар жана Кыргыз ССРнин Жогорку Советинин Президиумунун бир нече жолку Ардак Грамоталары  менен сыйланган. СССР Жогорку Советинин 3 жолку чакырылышынын жана Кыргыз ССР нин 2 жолку чакырылышынын депутаты болгон.

Академик И.К.Ахунбаев 300 дөн ашуун илимий иштердин, анын ичинде 8 монографиянын автору. Ал эми 5 медицина илимдерин доктору жана 35 илимдин кандидаттарын тарбиялап чыгарган.

Анын 5 баласы, 11 небереси, 15 чебереси, 1 чөбөрөсү бар.

  • АКАДЕМИК И.К. АХУНБАЕВДИН 110 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ
  • АКАДЕМИК И.К. АХУНБАЕВДИН 110 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ
  • АКАДЕМИК И.К. АХУНБАЕВДИН 110 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ
  • АКАДЕМИК И.К. АХУНБАЕВДИН 110 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ