AVN

ЖАМУда карылар күнүнө карата кайрымдуулук иштер жүрүүдө

ЖАМУда карылар күнүнө карата кайрымдуулук иштер жүрүүдө
 Sep 28, 2018  995

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин педагогика жана маалымат технологиялар факультетинин  профессор Ш.М.Ниязалиев атындагы «Философия жана гуманитардык илимдер» кафедрасынын  окутуучулук курамы жана «Социалдык иш»   адистигинин студенттеринин демилгеси менен 1-октябрь «Улгайган адамдардын Эл аралык күнүнө» карата 15 жалгыз бой жарандарга жардам көргөзүлдү.

         Аталган кафедранын башчысы Гүлжамал Токтогулованын айтымында ДМЧА жана улгайган жарандар бөлүмүндө каттоодо турган карылардын ичинен 15 жалгыз бой улгайган жаранды окуу жайга чакырып, моралдык жана материалдык колдоо көргөзүлгөн.  “Студенттер атайын конокторго концерттик программа уюштуруп, майрамдык маанай тартуулашты. Алар дагы убагында мамлекеттин өнүгүүсү үчүн эмгектенип, социалдык-экономикалык өнүгүүгө салым кошушкан деп ойлойм. Ошондой эле оорулуу адам көңүл бурууну, адамдардан мээримдүү мамиле күтүшөт. Андыктан даталуу күндөрү эле эстебей башка убакта дагы каралашып, жардамыбызды аябасак” – дейт ал.

        Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-апрелиндеги №237 «Кыргыз  Республикасында  балдарды, улгайган адамдарды жана майыптарды коргоонун  Эл аралык күнүн жыл сайын өткөрүү жөнүндөгү» токтомун турмушка ашыруу максатында кабыл алынган Жалал-Абад областтык  мамлекеттик администрациясынын 2012-жылдын 30-апрелиндеги №66 токтомуна ылайык  ЖАМУда кайрымдуулук иштер улана берет.

  • ЖАМУда карылар күнүнө карата кайрымдуулук иштер жүрүүдө