AVN







"ӨЗҮҢДҮ ЖЕҢ" ТРЕНИНГ БОРБОРУНУН НЕГИЗДӨӨЧҮСҮ ЖАМУда!

 Sep 28, 2018  960

Кыргыз тилдүү бизнес тренер Аксана Рыскулова Жалал-Абад шаарынын айымдары, тагыраагы ЖАМУнун студент-кыздары, мугалимдери үчүн 26-сентябрда "Аялдык бакыт жана акча" деген аталышта тренинг өттү. Аталган тренингге 400гө чукул кыз-келиндер катышып, ал жерде  мотивациялык сөздөр айтылды.  

     Тренер Аксана Рыскулованын айтымында аялзатынын ийгилик жолундагы тоскоолдуктары:

1. Өзүнө болгон ишенимдин жоктугу;

2. Өзүн баалабайт, сүйбөйт;

3.  Убакытты жана акчаны өзүнөн аяйт;

4. Өзүн өнүктүрбөйт;

5. Спорт менен машыкпайт;

6. Жакшы кийимге жана эс алууга акчасы жетишпейт, аталган категориялар аялзатынын ийгилик жолуна тоскоолдуктарды жаратып, жашоосун татаалдантат.

     Эскерте кетсек, бул ЖАМУнун жаштар комитетинин 2018-2019-окуу жылындагы алгачкы чоң масштабдагы иш-чарасы болду. Максаты аялзатына көңүл буруу, алардын аң сезимдүү түрдө жашоого болгон көз карашын калыптандыруу, турмуш менен ишти бир калыпта алып кетүү сыяктуу багыттарды камтыган тренинг болуп саналат.