AVN







КОНФУЦИЙ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ...

КОНФУЦИЙ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ...
 Sep 27, 2018  834

Конфуций күнү 26-сентябрда Жалал-Абад мамлекеттик университетинде белгиленип, анын урматына атайын көргөзмө, маданий кече уюштурулду.

Кеченин салтанаттуу бөлүгүн ЖАМУнун ректору, техника илимдеринин доктору, профессор Кеңешбек Жумабекович Усенов  ачып, Кытай баш болгон Чыгыштын өлкөлөрү Конфуцийдин окууларын туу тутуу менен бүгүнкү күндөгү укмуштарды жараткандыгын, улуу даанышмандын урматына дүйнө жүзү боюнча 1100дөн ашуун Конфуций институттары, 500дөн ашуун Конфуций класстары, анын ичинде, Кыргызстандын 4 окуу жайында – БГУда, КУУда, ОшМУда жана Жалал-Абад мамлекеттик университетинде ачылып, анда кытай тилин үйрөтүү, кытай маданиятын  таанытуу аркылуу дүйнө тынчтыгы, элдердин достук алакалары, жаштардын кең келечеги үчүн Конфуцийдин окуулары окутулуп келе жаткандыгына токтолду.

ЖАМУнун алдындагы Конфуций институтунун бул даталуу күнгө карата Кытайдын Шанщи провинциясындагы Шанщи университети менен биргеликте маданий тажрыйба алмашуу максатында өткөрүп жаткан иш-чарасын колдоп, ийгиликтерди каалады.

Жалал-Абад шаарынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Руслан Алтымышов өз куттуктоосунда Конфуцийдин окуулары Ыраакы Чыгыш цивилизациясынын өзөгү болуп эсептелинерин айтып, бүгүнкү муун анын философиялык ойлорунан сабак алып, илим-билимдүү болуу менен бирге инсандык жогорку сапаттарга да ээ болуусун каалады.

Институттун директору М.Шакирова Конфуцийдин күнүн белгилөө –институттун салттуу иш-чараларынын бири экендигин, анын турмуш сабактары, акыл ойлору адамзат өмүрүн бойлоп, жашоо-тиричиликтин бардык тармагында кеңири колдонулуп келе жаткандыгын, институтта кытай тилин үйрөтүү менен биргеликте Конфуцийдин философиялык системасы болгон –  адеп-ахлак, тарбия, гумандуулук, парз, берилгендик, ак ниеттүүлүк, адилеттүүлүк, адамдардын социалдык жана этикалык өз ара мамилелерин,  коомдук жашоо-турмуш нормаларын аныктай турган мыйзамдары кошо окутулуп келе жаткандыгын айтты. Өз учурунда Конфуций  бардык элдердин дилине, тилине карабай ынтымак, эриш-аркак чоң үй-бүлөдөй жашоосун жактыргандыгын айтып, уюштурулуп жаткан иш-чаранын эки элдин достук, кызматташтык алакаларын бекемдөөдөгү жүгүн баса белгиледи.

Кечеде жогорку деңгээлде даярдалган Кытайдын музыкасы, ыр-бийи, күүлөрү жаңырып, көрүүчүлөргө руханий азык тартуулап, алардын купулуна толуп, кытай элине болгон сый-урматын күчөттү.         

     Кошумчалай кетсек ушул эле иш чара 27-сентябрда  Базар-Коргон районунун №6 Б.Осмонов атындагы мектеп-гимназиясындагы Конфуций классында да өткөрүлдү.

  • КОНФУЦИЙ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ...
  • КОНФУЦИЙ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ...
  • КОНФУЦИЙ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ...
  • КОНФУЦИЙ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ...
  • КОНФУЦИЙ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ...
  • КОНФУЦИЙ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ...
  • КОНФУЦИЙ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ...
  • КОНФУЦИЙ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ...
  • КОНФУЦИЙ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ...
  • КОНФУЦИЙ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ...
  • КОНФУЦИЙ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ...
  • КОНФУЦИЙ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ...