AVN







ЧЫНГЫЗ АЙТМАТОВ – БИЗДИН ЖҮРӨГҮБҮЗДӨ

ЧЫНГЫЗ АЙТМАТОВ – БИЗДИН ЖҮРӨГҮБҮЗДӨ
 Sep 27, 2018  1001

ЖАМУнун табигый-техникалык факультетинин студенттеринин арасында  “Жаштардын күчү, жаштардын деми, жаштардын асыл ою жана Ч.Айтматов биздин жүрөгүбүздө”  аттуу сынак  болуп өттү. Мындай маалыматты Химия кафедрасынан билдиришти.

         Химия кафедрасынын окутуучусу Нурия Жолдошалиеванын айтымында сынактын  жүрүшүндө студенттер Ч.Айтматовдун түрдүү чыгармаларынан инсценировкаларды көрсөтүшкөн. “Аталган иш чарада залкар жазуучунун чыгармаларындагы каармандардын табийгатка, айлана-чөйрөгө жазаган терс мамилелери жөнүндө баяндамалар жасалып, студенттер тарабынан талкуу жүрдү. Андан сырткары   Ч.Айтматовдун чыгармалары боюнча бир жума  мурун сүрөт тартуу сынагы  жарыяланып, анда ар бир группанын студенттери өздөрүнүн тарткан сүрөттөрүн көпчүлүктүн сынына коюшту” – дейт Н. Жолдошалиева.

Айрыкча химия,  ветеринария адистигинин студенттеринин аткарган инсценировкалары, тарткан сүрөттөрү, окуган баяндамалары өзгөчө таасир калтырып, көрүүчүлөрдүн купулуна толгонун кошумчалайт ал.                  

        Белгилей кетсек жогорудагы факультетте химия, биология, география, ветеринария электр булактары, электроэнергетикалык системалар жана механика  кафедралары жайгашкан.

  • ЧЫНГЫЗ АЙТМАТОВ – БИЗДИН ЖҮРӨГҮБҮЗДӨ
  • ЧЫНГЫЗ АЙТМАТОВ – БИЗДИН ЖҮРӨГҮБҮЗДӨ
  • ЧЫНГЫЗ АЙТМАТОВ – БИЗДИН ЖҮРӨГҮБҮЗДӨ