AVN







КЫЛЫМ КАРЫТКАН КЫРГЫЗ ТИЛИ

КЫЛЫМ КАРЫТКАН КЫРГЫЗ ТИЛИ
 Sep 25, 2018  1372

23-сентябрь “Мамлекеттик  тил күнүнө” карата ФМББ(И)-1-16 тайпасында “Кыргыз тилинин коомдогу орду” деген темада ачык тарбиялык саат өтүлдү.Тарбиялык саатты тайпанын куратору Төрөгулова Рысбү уюштуруп, иш чарага Педагогика жана маалымат технологиялары факультетинин деканы Р. К. Шамшиев, Информатика жана окутуунун маалымат технологиялары кафедрасынын башчысы Г. Т. Маматова жана ФМББ(И)-1-18,  ФМББ(Ио)-1-18, ФМББ(И)-1-17,  ФМББ(И)-1-16  Дк-1-17, Дк-1-16 тайпасынын студенттери катышты.

Тарбиялык сааттын жүрүшүндө Алымкул кызы Даткайым “23-сентябрь кыргыз тил күнү” деген темада баяндама окуду. Ошондой эле тайпадагы студенттердин катышуусунда “Студенттердин кыргыз тилин канчалык деңгээлде өздөштүрүүсүн аныктоочу сурамжылоо жүргүзүлдү. “Тил улуттук аң сезим, ар намыс” деген видео тасма көргөзүлдү – дейт куратор                    Р. Төрөгулова.

Тайпалар арасында тил жөнүндө айтылган накыл кептер, учкул сөздөр жана макал лакаптар айтуу боюнча оюн уюштурулду. Жыйынтыгында “Кыргыз тили кылымдан кылымга өтүп, кыргыз эли жер үстүндө жашап турса – кыргыз тили жашай берет.” – деген ойдо сабак жыйынтыкталган.

  • КЫЛЫМ КАРЫТКАН КЫРГЫЗ ТИЛИ
  • КЫЛЫМ КАРЫТКАН КЫРГЫЗ ТИЛИ
  • КЫЛЫМ КАРЫТКАН КЫРГЫЗ ТИЛИ
  • КЫЛЫМ КАРЫТКАН КЫРГЫЗ ТИЛИ
  • КЫЛЫМ КАРЫТКАН КЫРГЫЗ ТИЛИ
  • КЫЛЫМ КАРЫТКАН КЫРГЫЗ ТИЛИ
  • КЫЛЫМ КАРЫТКАН КЫРГЫЗ ТИЛИ