AVN







“КЫЛЫЧТЫ КЫЯ ЧАПКАН ТИЛ”

“КЫЛЫЧТЫ КЫЯ ЧАПКАН ТИЛ”
 Sep 25, 2018  1075

ПМТФнын профессор Ш.М. Ниязов атындагы “философия жана гуманитардык илимдер” кафедрасынын социалдык иштер адистигинин 2-3-курстарынын студенттери  арасында “Кылычты кыя чапкан тил, кыргызым барктап баккан тил” аталышында сынак өткөрдү.

     Аталган кафедранын башчысы Гүлжамал Токтогулованын айтымында иш чара мамлекеттик тил күнүнө карата уюштурулган. “Сынакка жалпы 24 студент катышып, 2 команда ортосунда таймаш жүрдү.  Анда  саламдашуу, учкул сөздөр, көркөм окуу, макал-лакап жана жаңылмач айтуу камтылган. Катышуучулар сынактын талаптарын мыкты аткарып, калыстардын берген баасынын негизинде бирдей баага татыктуу болушту” – дейт кафедра башчысы.

     Калыстар тобунда төрайымдык милдетти Г. Токтогулова аркаласа, мүчөлөрү Шерматов А. жана Ашур уулу Байыр болгон.

  • “КЫЛЫЧТЫ КЫЯ ЧАПКАН ТИЛ”
  • “КЫЛЫЧТЫ КЫЯ ЧАПКАН ТИЛ”
  • “КЫЛЫЧТЫ КЫЯ ЧАПКАН ТИЛ”