ЭНЕ ТИЛДИН 29 ЖЫЛДЫГЫНА КАРАТА СЫНАК ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
Sep 22, 2018 855
Кыргыз тили кафедрасы тарабынан мамлекеттик тил күнүнө карата эссе жазуу боюнча 1-курстун студенттери арасында сынак жарыяланган. Сынак 21-сентябрда жыйынтыкталып, мыкты эссе жазган студенттерге ЖАМУнун дипломдору ыйгарылганын аталган кафедранын башчысы Гулжан Бакирова кабарлады.
Сынакка жалпы 1-курстун студенттери катышып, “Мамлекеттик тил кечээ, бүгүн жана эртең” деген теманын алкагында эсселерди жазышты. “Студенттер жазган эсседе кеп маданиятынын бузулуп бара жатканы, көчөлөрдө илинген көрнөк-жарнактардын тиешелүү адистердин текшерүүсү жок катасы менен илинип турганы жазылган. Андан сырткары эне тилибизди өнүктүрүү үчүн сунуштарды жазышкан. Алардын сунуштарынын басымдуу бөлүгү мектептерде кыргыз тилиндеги окуу китептеринин абалы жөнүндө айтылып, ар бир автордун китебинде сөз маанилери, диалекттери ар түркүн болбой, адабий тилде бардык китеп бирдей жазылса деген сунуштар айтылган” – дейт Г. Бакирова.
Мыкты эссе жазган 10 студент тандалып, “Мамлекеттик тил жана Ч. Айтматов” аттуу иш чаранын жүрүшүндө аларга окуу жайдын илимий иштер боюнча проректору, физика-математика илимдеринин доктору, профессор Курманбек Алыбаев ЖАМУнун дипломун ыйгарып, окууларына ийгиликтерди каалады.