AVN







МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖАНА Ч.АЙТМАТОВ

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖАНА Ч.АЙТМАТОВ
 Sep 22, 2018  2626

Филология факультетинин Кыргыз тили кафедрасы мамлекеттик тил күнүнө карата 21-сентябрда “Мамлекеттик тил жана Ч. Айтматов” аталышындагы иш чара  уюштурган.  Ага  ЖАМУнун  илимий иштер боюнча проректору Курманбек Алыбаев, социалдык иштер жана мамлекеттик тил боюнча проректору Айгул Доранова, факультеттердин декандары жана профессордук-окутуучулар курамы, студенттер күбө болушту.

       Иш чаранын жүрүшүндө куттуктоо сөзүнө чыккан проректор                К.С. Алыбаев, ар бир улут өз эне тили менен улут болуп сакталаарын белгилеп, байыркы ата-бабаларыбыздан калган мамлекеттик тилибизди сактап, өркүндөтүүгө ар бир жаран салым кошо алаарын айтып өттү.

     Тил майрамында студенттер тарабынан “Манас” айтылды, улуттук баалуулуктарыбыз жөнүндө баяндамалар жасалды, тил тууралуу ырлар окулуп, тамашоучалар тарабынан тамашалар ойнолду.

     Кыргыз тили кафедрасынын башчысы Гулжан Бакирова – “Мамлекеттик тил жана Ч. Айтматов” деп бүгүнкү иш чаранын аталышын атаганыбыздын себеби, тилибиздин сакталып калуусуна, анын өнүгүүсүнө залкар жазуучунун салымы чоң. Алп жазуучунун 90 жылдык мааракесине карата илимий-конференция уюштуруу планыбыз бар. Ошол жерде мамлекеттик тил менен  Ч. Айтматовдун кандай   байланышы бардыгы тууралуу кеңири сөз айтылат. Баарыңыздарды Мамлекеттик тилибиздин 29 жылдыгы менен куттуктайм!

     “Мамлекеттик тилибиз эч качан жоголбойт,  бизден билим алып жаткан ар бир студент, бардык эле кыргыз жарандары турганда улуу тилибиз карт тарыхты карытып, муундан-муунга өтө бермекчи” – деген оюн кошумчалады Г. Бакирова.

  • МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖАНА Ч.АЙТМАТОВ
  • МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖАНА Ч.АЙТМАТОВ
  • МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖАНА Ч.АЙТМАТОВ
  • МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖАНА Ч.АЙТМАТОВ
  • МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖАНА Ч.АЙТМАТОВ
  • МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖАНА Ч.АЙТМАТОВ