AVN







ЖАМУНУН ОКУТУУЧУЛАРЫ АЛТАИСТИКА КОНФЕРЕНЦИЯСЫНДА

ЖАМУНУН ОКУТУУЧУЛАРЫ АЛТАИСТИКА КОНФЕРЕНЦИЯСЫНДА
 Sep 7, 2018  748

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун алкагында 2018-жылдын 27-29-август күндөрү Бишкек шаарындагы мамлекеттик резиденциянын «Энесай» ордосунда түрк тилдүү элдердин 61-Эл аралык туруктуу Алтаистика конференциясы болуп өттү. Бул тууралуу аталган конференциянын катышуучусу Гүлжан Бакирова кабарлады.

      Анын айтымында конференцияга чет өлкөлөрдөн да окумуштуулар, коноктор келип катышкан. Түрк, азербайжан, алтай, монгол, казак, лакай, япон, кытай, венгер ж.б. тилдерде баяндамалар окулган.

         ЖАМУнун кыргыз тили кафедрасынын башчысы, филология илимдеринин кандидаты, доцент Г.К.Бакирова аталган конференциянын «Тилдердин салыштырма изилдөөсү жана лингвокультурология» секциясынын жыйынына катышып, баяндама жасады. Тажрыйба алмашуулар болгонун, дүйнөдөгү түрк тилдери жана өлүү тилдерге айланган тилдер   боюнча кызыктуу, маанилүү, мазмундуу баяндамалар даярдалганын баса белгиледи.

      Аталган окуу жайдан социалдык иштер жана мамлекеттик тил боюнча проректор Айгул Доранова, окутуучулар Токтогулова Г.Т., Анарбаева Г.А., Мырзабаева Н.С., Анарбекова В.Э. конференцияга катышып, баяндама окушкан.

  • ЖАМУНУН ОКУТУУЧУЛАРЫ АЛТАИСТИКА КОНФЕРЕНЦИЯСЫНДА
  • ЖАМУНУН ОКУТУУЧУЛАРЫ АЛТАИСТИКА КОНФЕРЕНЦИЯСЫНДА
  • ЖАМУНУН ОКУТУУЧУЛАРЫ АЛТАИСТИКА КОНФЕРЕНЦИЯСЫНДА