AVN







КОНФУЦИЙ ИНСТИТУТУНДА ЛИНГАФОН КАБИНЕТИ АЧЫЛДЫ

КОНФУЦИЙ ИНСТИТУТУНДА ЛИНГАФОН КАБИНЕТИ АЧЫЛДЫ
 Sep 1, 2018  1031

Бүгүн 2018-жылдын 1-сентябрында Жалал-Абад мамлекеттик университетинин алдындагы Конфуций институтунда лингафон кабинетинин  ачылуу аземи өткөрүлдү.  Маалыматты аталган институттан билдиришти.

Салтанатты ЖАМУнун ректору, техника илимдеринин доктору, профессор Кеңешбек Жумабекович Усенов өзү ачып, кытай тилин үйрөнүүнү каалаган жаштар үчүн дагы бир жакшы шарт түзүлгөндүгүн баса белгилеп, жаңы окуу жылында ушундай ийгиликтердин көп-көп болушун каалады.

Институттун директору, фил.и.к., доцент М.Шакирова лингафон кабинетине жайгаштырылган техникалык жабдуулардын иштөө функцияларын презентациялады. Анын айтуусунда, техникалык жабдуулар заманбап, акыркы үлгүдөгү моделдер болуп, бир эле учурда бир канча функцияларды аткарууга ылайыкташкан. Мисалы, синхрондук которуу,  студенттер менен жекече иштөө, группалык иш алып баруу, детальдарды демонстрациялоо ж.б. Лингафон кабинеттеги негизги башкаруу системасын BI-2086B программасы түзөт. Бир эле учурда бир нече программа менен башка чет тилдерин да үйрөтүүгө боло турган артыкчылыкка ээ.  Бул Кытай Эл Республикасы тарабынан окуу жайдын студенттери үчүн жаңы окуу жылына карата чоң белек болду – дейт М. Шакирова.

 Иш-чарага ЖАМУнун проректорлору, бөлүм башчылары, профессорлор, доценттер катышышып, куттуктоо сөздөрүн, каалоолорун айтып кетишти.

  • КОНФУЦИЙ ИНСТИТУТУНДА ЛИНГАФОН КАБИНЕТИ АЧЫЛДЫ
  • КОНФУЦИЙ ИНСТИТУТУНДА ЛИНГАФОН КАБИНЕТИ АЧЫЛДЫ
  • КОНФУЦИЙ ИНСТИТУТУНДА ЛИНГАФОН КАБИНЕТИ АЧЫЛДЫ
  • КОНФУЦИЙ ИНСТИТУТУНДА ЛИНГАФОН КАБИНЕТИ АЧЫЛДЫ