AVN







ЖАМУНУН ЖАШТАРЫ КӨЗ КАРАНДЫСЫЗДЫКТЫН 27 ЖЫЛДЫГЫН БЕЛГИЛЕШТИ

ЖАМУНУН ЖАШТАРЫ КӨЗ КАРАНДЫСЫЗДЫКТЫН 27 ЖЫЛДЫГЫН БЕЛГИЛЕШТИ
 Sep 1, 2018  746

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк майрамына карата “Эркиндик” борбордук аянтында уюшулган салтанатка ЖАМУнун 150 студенти майрамдык  концерке катышты. Бул тууралуу ЖАМУнун “Маданий-эстетикалык борборунан” билдиришти.

   Жалал-Абад мамлекеттик университетинин “Маданий-эстетикалык борборунун” башчысы Рыспай Шаимкуловдун айтымында – “Биздин 150 студентибиз майрамдык салтанатка катышып, келген конокторго майрамдык маанай тартуулашты. Шаардык мэрия  тарабынан жаңы тигилген улуттук кийимдерди  ЖАМУнун 100 кызы кийип, майрамдын көркүн ачышты. Андан сырткары эки улуттук бий бийлешти. Белгилей кетсем шаардык мэрия тарабынан уюшулган ар бир маданий жана коомдук иштерге биздин студенттер активдүү катышып келет. Жаштар шаарыбыздын өнүгүшүнө кайдыгер карабастан, өз салымдарын кошуп жатканы бизди кубандырат”.

  • ЖАМУНУН ЖАШТАРЫ КӨЗ КАРАНДЫСЫЗДЫКТЫН 27 ЖЫЛДЫГЫН БЕЛГИЛЕШТИ
  • ЖАМУНУН ЖАШТАРЫ КӨЗ КАРАНДЫСЫЗДЫКТЫН 27 ЖЫЛДЫГЫН БЕЛГИЛЕШТИ
  • ЖАМУНУН ЖАШТАРЫ КӨЗ КАРАНДЫСЫЗДЫКТЫН 27 ЖЫЛДЫГЫН БЕЛГИЛЕШТИ