AVN







ЖАМУДА “МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТКЕРЛЕРДИ ОКУТУУ ЖАНА КЕҢЕШ БЕРҮҮ БОРБОРУ” АЧЫЛДЫ

ЖАМУДА “МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТКЕРЛЕРДИ ОКУТУУ ЖАНА КЕҢЕШ БЕРҮҮ БОРБОРУ” АЧЫЛДЫ
 Sep 1, 2018  889

 

Бүгүн 1-сентябрда  ЖАМУда мамлекттик кызматкерлерди окутуу жана кеңеш берүү борборунун ачылыш аземи болуп өттү.  Борбор Эразмус+ программасынын  ROAD (жергиликтүү аймактык өнүгүүлөрдүн  максаттары – 574243-EPP-1-2016-1-PT-EPPKA2-CBHE-JP)  долбоорунун алкагында ачылып, анын  алкагында университетке  23000 евролук заманбап жабдыктар алынып келинген.

        ЖАМУнун Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Гулнура Маткалыкова – долбоордун максаттары:  Туркменистан жана Кыргызстанда жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн  квалификациясын жогорулатуу жана виртуалдык кампустарды шериктеш жогорку окуу жайларда түзүү, ЖОЖдун окутуучуларын, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн кайра  окутуу жана аймактык өнүгүүлөрдүн  стратегияларын иштеп чыгуу.   

     ROAD  долбоордун алкагында бир нече окутуу программалары иштелип чыгат. Алар  шаардын инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталып,  аларга туристик борборлорду, шаардык траспорттун инфраструктурасын, шаарды өнүктүрүү, каржылык көзөмөл, мамлекеттик чыгашалардын  аудити жана баасы, өнүгүүлөрдү башкаруу жана туризм эканомикасы  багыттарына басым жасалуу камтылган – дейт бөлүм башчы.

     ЖАМУга келген ар бир долбоордун туруктуулугу биз үчүн өтө маанилүү. Жакында университеттин ректору, Усенов  Кенешбек  Жумабекович Ханс Зайдел фонду менен Президенттин алдындагы башкаруу академиясы уюштурган бизнес-ланчка катышып,  “Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн окутуу жана кеңеш берүү борборунда” кечки окутууларды уштурууну сунуштап, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп  келди – деп кошумчалады  Г.Маткалыкова.

ЖАҢЫ АЧЫЛГАН БОРБОРДУН ИШИНЕ ИЙГИЛИКТЕРДИ КААЛАЙБЫЗ!

  • ЖАМУДА “МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТКЕРЛЕРДИ ОКУТУУ ЖАНА КЕҢЕШ БЕРҮҮ БОРБОРУ” АЧЫЛДЫ
  • ЖАМУДА “МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТКЕРЛЕРДИ ОКУТУУ ЖАНА КЕҢЕШ БЕРҮҮ БОРБОРУ” АЧЫЛДЫ
  • ЖАМУДА “МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТКЕРЛЕРДИ ОКУТУУ ЖАНА КЕҢЕШ БЕРҮҮ БОРБОРУ” АЧЫЛДЫ