AVN







ЖАМУДА БИЛИМ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

ЖАМУДА БИЛИМ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
 Sep 1, 2018  1007

Бүгүн   Жалал-Абад мамлекеттик университети 1-сентябрь  Билим күнүн  жалпы студенттер менен биргеликте белгилеп,  абитуриенттер окуу жай менен таанышышты.

    Окуу жайдын ректору, техника илимдеринин доктору, профессор Усенов Кеңешбек Жумабекович куттуктоо сөзгө чыгып,  биздин окуу жайды тандап, биздин студент болушуңар менен  чын дилимден куттуктайм – деп билдирди. “ЖАМУ аймакта жайгашканы менен республикада өз орду бар, тарыхы бай университет. Бул жерден илимдин, билимдин жана маданияттын классиктери билим алган. Атап айтсам, Ж. Бөкөнбаев,  Т. Уметалиев, Ш. Абдраманов,                 Ж. Мавлянов, Т. Байзаков, М. Борбугулов, Т. Шамшиев, сүрөтчүлөр   Г. Айтиев, С. Акылбеков, окумуштуу академик, профессорлор Муса Адышев, Рахат Ачылова, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген мугалими Нургазы Бримкулов ж.б. ушул жерди бүтүргөн. Силер дагы татыктуу билимге ээ болуп, келечекте өз билимиңерди сынайсыңар. Жаштарга татыктуу билим берүү максатында жалпы жамаат биримдикте, материалдык-техникалык базаны жылда жаңылап, заманбап талапка ылайыктоодо. Алган билимиңиздерди турмушта колдонуп, келечекте мыкты инсан, кесипкөй адис болушуңарды каалайм!” – деген каалоосун айтып өттү ректор.

     Аны менен катар эле абитуриенттерге жетекчилик курам тааныштырылып, проректорлор, декандар, директор жана ата-энелер каалоолорун билдирип, алардын  окууларына ийгиликтерди каалашты.

      Андан соң, Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 27 жылдыгына, Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына, Көчмөндөр цвилизациясы жөнүндө  жана аймактарды өнүктүрүү жылына карата ачык сабак уюштурду.

  • ЖАМУДА БИЛИМ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
  • ЖАМУДА БИЛИМ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
  • ЖАМУДА БИЛИМ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
  • ЖАМУДА БИЛИМ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ