AVN

“КЫРГЫЗ ЭЛИНИН САЛТТЫК МАДАНИЯТЫ “КОШОК” ЖАНРЫН САКТОО ЖАНА ЖАЙЫЛТУУ”

“КЫРГЫЗ ЭЛИНИН САЛТТЫК МАДАНИЯТЫ “КОШОК” ЖАНРЫН САКТОО ЖАНА ЖАЙЫЛТУУ”
 Jun 29, 2018  1018

Жалал-Абад мамлекеттик университетин кызматкерлери В.Э.Анарбекова, Э.А.Авазов, Ө.С.Дооранов, Н.С.Мырзабаева жана М.К.Нарматовдор Кара-Суу районуна караштуу Папан айыл өкмөтүнүн Кызыл-Туу участкасында “Кыргыз элинин салттык маданияты “кошок” жанрын сактоо жана жайылтуу”– деген долбоордун алкагында “Кыргызстан – Сорос” Фондунун колдоосу менен кошокчулардан талаа материалдарын жыйнашты.

Жумуш мезгилинде бизди таңдандырып жана кубандырган тарыхый окуяларга күбө болдук. Мисалы, 1930 жылы туулган, 88 жаштагы баргы уруусунун кызы Асанова Датка эне; 1932-ж. туулган, 10 баланын энеси, 86 жаштагы сарттар уруусунун кызы Токтоматова Зыба эне; 1943-ж. туулган, 75 жаштагы бөрү уруусунун кызы Зупиева Айым эне; 1954-ж. туулган, 64 жаштагы калча уруусунун кызы Асанова Зулайка эне жана Апсаматова Бүайым апалардын айтып берген кошогу болду. Анда кошоктун тарыхыйлуулугун, айтылуу нугун, үн ыргактарынын мыкты сакталып калгандыгын байкадык.

  • “КЫРГЫЗ ЭЛИНИН САЛТТЫК МАДАНИЯТЫ “КОШОК” ЖАНРЫН САКТОО ЖАНА ЖАЙЫЛТУУ”