AVN







“КОШОК” ЖАНРЫН САКТОО ЖАНА ЖАЙЫЛТУУ

“КОШОК” ЖАНРЫН САКТОО ЖАНА ЖАЙЫЛТУУ
 Jun 29, 2018  1033

 “Кыргызстан – Сорос” Фондунун колдоосу менен Жалал-Абад мамлекеттик университетинин кызматкерлери, В.Э.Анарбекова, Э.А.Авазов, Н.С.Мырзабаева, О.С.Дооранов жана М.К.Нарматовдор “Кыргыз элинин салттык маданияты “кошок” жанрын сактоо жана жайылтуу” – максатында Өзгөн жана Кара-Суу райондорунан кошокчулардан талаа материалдарын чогултушту.

Материал жыйноо учурунда кошоктун нукуралуулугун жоготпой, карылыкка моюн сунбай, уникалдуу эстеликти чегине жеткире айтып берген кошокчуларды жолуктура алдык. Мисалы, 1920 – жылы туулган Супатаева Гүлбар апаны (Чангет айылы),  1941-жылы туулган Керкибашева Суусар апаны (Өстүрүү айылы) жана 1950-жылы туулган Ташалиева Зууракан апаны (Шоро Башат – Гулистан айылы) белгилөөгө болот.

 Кыргыз элинин уучу куру эмес экендиги бизди сүйүндүрдү. Бул иш чараны жумушка ашырууда Кыргызстан – Сорос Фондуна ыраазычылык билдиребиз. Анкени, материал жыйноого шарт түзүп берген жана кошокчулардан маалыматтарды жыйнадык.  

  • “КОШОК” ЖАНРЫН САКТОО ЖАНА ЖАЙЫЛТУУ
  • “КОШОК” ЖАНРЫН САКТОО ЖАНА ЖАЙЫЛТУУ
  • “КОШОК” ЖАНРЫН САКТОО ЖАНА ЖАЙЫЛТУУ