AVN

СТУДЕНТТЕР БИЛИМДҮҮ, БИРДИКТҮҮ КЫРГЫЗСТАН ҮЧҮН!

СТУДЕНТТЕР БИЛИМДҮҮ, БИРДИКТҮҮ КЫРГЫЗСТАН ҮЧҮН!
 Jun 28, 2018  1049

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда “Студенттер билимдүү, бирдиктүү Кыргызстан үчүн!-III” аттуу фестивалы 22-23-24-июнь күндөрү болуп өттү. Ал 2016-жылы түзүлгөн Ош деклорациясынын алкагында, 2018- жыл Региондорду өнүктүрүү жылына карата уюшулду. 

         Аталган фестивалдын катышуучулары:

  • Ысык-Көл мамлекеттик университети;
  • Талас мамлекеттик университети;
  • Нарын мамлекеттик университети;
  • Баткен мамлекеттик университети;
  • Жалал-Абад мамлекеттик университети;
  • Ош мамлекеттик университети;
  • Ош гуманитардык-педагогикалык институту.

“Фестивалдын максаты республикабыздын региондорундагы ЖОЖдор арасында ички академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү, студенттердин интеллектуалдык жана маданий деңгээлин жогорулатуу, студент-жаштарды мекенчилдикке тарбиялоо менен алардын ортосундагы достукту бекемдеп түрдүү бөлүнүп-жарылуулардын алдын алуу”. Студенттер бири-бири менен таанышып, тажрыйба алмашуусуна жана ынак мамиледе болуусуна өбөлгө болууда дейт ЖАМУнун проректору Айгул Доранова.

         Фестивалдын жобосуна ылайык төмөндөгүдөй жанрларда жана формада программа даярдалган:

  1. Видеоролик;
  2. Саламдашуу;
  3. Фольклордук жанр;
  4. Хореографиялык жанр;
  5. Поэзиялык жанр;
  6. Сахналык көрүнүш;
  7. Эстрадалык жанр.

ЖАМУдан  барган таланттуу студенттер ОГПИнин ардак грамотасына,  10000 (он миң) сомдук сертификатка жана 4 жанр боюнча достук фестивалынын лауреатынын диплому, жана башка баалуу белектер менен сыйланышты. Фестивалдын аягында 7 аймактан келген ЖОЖдордун студенттери, окутуучу-кызматкерлери  Ош шаарынын тарыхый-маданий жайлары менен, тактап айтсак Сулайман тоого, тоодогу музейлерге, “Алымбек датканын айылы” комплексине, шаардын парктарына саякатташты.

  • СТУДЕНТТЕР БИЛИМДҮҮ, БИРДИКТҮҮ КЫРГЫЗСТАН ҮЧҮН!