AVN







“ БҮТҮРҮҮ КЕЧЕСИ – 2018”

“ БҮТҮРҮҮ КЕЧЕСИ – 2018”
 Jun 21, 2018  1034

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Жалал-Абад колледжинин бүтүрүүчүлөрүнүн “Ак жол сага бүтүрүүчү - 2018” аталышындагы кечеси 20-июнда болуп өттү.  Кече колледждин спорт аянтында орун алып, ага окутуучулар жамааты, ата-энелер, студенттер жана белгилүү ырчылар конок катары катышышты.

          Колледждин директорунун тарбия иштери боюнча орун басары Жусуп Назаров “Быйылкы 2017-2018 окуу жылында 500дөн ашуун студент ар кандай адистиктердин ээси болуп, окуу жайды аякташты. Адам баласынын өмүрүндөгү жакшы күндөрү студенттик күн болоору анык. Андыктан студенттерибиздин бүтүрүү кечеси шаңдуу жана эсте калаарлык болсун деген максатта белгилүү ырчыларды чакырып майрамдык маанай тартууладык. Ырчылардан ОшМУнун проректору ф.и.к., доцент белгилүү обончу, аткаруучу Түмөнбай Колдошов, белгилүү эстрада жылдыздары Жумагул Райимжан кызы, Динара Тилекеева, Данияр Эрматов жана ошондой эле шаардын белгилүү “Азам”  бийчи кыздар менен коштоду. Ошондой эле бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелерине ыраазычылык кат жана алдынкы бүтүрүүчүлөргө колледждин директорунун грамоталары ыйгарылды. Жалпысынан бүтүрүү кечесине минден ашуун студенттер катышып ата-энелер үчүн кофе брейк уюштурулду” – дейт ал.

  • “ БҮТҮРҮҮ КЕЧЕСИ – 2018”
  • “ БҮТҮРҮҮ КЕЧЕСИ – 2018”
  • “ БҮТҮРҮҮ КЕЧЕСИ – 2018”
  • “ БҮТҮРҮҮ КЕЧЕСИ – 2018”
  • “ БҮТҮРҮҮ КЕЧЕСИ – 2018”
  • “ БҮТҮРҮҮ КЕЧЕСИ – 2018”
  • “ БҮТҮРҮҮ КЕЧЕСИ – 2018”
  • “ БҮТҮРҮҮ КЕЧЕСИ – 2018”
  • “ БҮТҮРҮҮ КЕЧЕСИ – 2018”
  • “ БҮТҮРҮҮ КЕЧЕСИ – 2018”