AVN







ЖАМУНУН ОКУТУУЧУЛАРЫ ЭЛ АРАЛЫК СЕМИНАРДА

ЖАМУНУН ОКУТУУЧУЛАРЫ ЭЛ АРАЛЫК СЕМИНАРДА
 Jun 19, 2018  861

         Ош мамлекеттик унверситетинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы тарабынан “Университеттердеги жана илимий изилдөө институттардагы интеллектуалдык менчик саясаты” аталышындагы семинар өткөрүлдү.

         Семинар интеллектуалдык менчиктин дүйнөлүк мекемеси менен биргеликте уюштурулуп эффективдүү билим берүү жана интеллектуалдык менчикти коммертизациялоо, ошондой эле ЖОЖдордогу илимий изилдөө институттардагы интеллектуалдык менчик саясатын өнүктүрүү  маселелери талкууланды.

         Семинардын ишине Кавказ, Борбордук Азия жана Батыш Европа мамлекеттерин тейлөө секторунун башчысынын м.а. Илья Грибков, өнүккөн жана өтмөк экономикасы менен мамлекеттеринин Департаментинин программалык кызматкери Евгений Сесицкий, Ош шаарынын вице мэри  Нурбек Кадыров ОшМУнун илимий иштери боюнча проректору Идрис Кенжаев жана түштүктөгү ЖОЖдордун, ИИИнин өкүлдөрү катышышты.

         Ошондой эле Жалал-Абад мамлекеттик университетинен т.и.д., профессор Аширалиев А., Аспирантура жана докторантура бөлүмүнүн башчысы  Асилова З., Кочкор-Ата колледжинин окутуучусу Юсупжан уулу Ибрагим катышышты.

         Семинардын жүрүшүндө мыкты баяндамалар окулуп кызуу талкуу жүрдү.

         Жыйынтыгында университеттер жана илим илиздөө структуралары өндүрүш жана бизнес менен тыгыз байланышта болуусу айтылды.

  • ЖАМУНУН ОКУТУУЧУЛАРЫ ЭЛ АРАЛЫК СЕМИНАРДА